1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Артыкчылыктар жана адептер

Хадис Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт

عَنْ أَبَانَ بْنِ عُثْمَانَ قَالَ: سَمِعْتُ عُثْمَانَ ابْنِ عَفَّانَ رضي الله عنه يَقُولُ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«مَنْ قَالَ بِسْمِ اللَّهِ الَّذِي لَا يَضُرُّ مَعَ اسْمِهِ شَيْءٌ، فِي الْأَرْضِ، وَلَا فِي السَّمَاءِ، وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ، ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، لَمْ تُصِبْهُ فَجْأَةُ بَلَاءٍ، حَتَّى يُصْبِحَ، وَمَنْ قَالَهَا حِينَ يُصْبِحُ ثَلَاثُ مَرَّاتٍ، لَمْ تُصِبْهُ فَجْأَةُ بَلَاءٍ حَتَّى يُمْسِيَ»، قَالَ: فَأَصَابَ أَبَانَ بْنَ عُثْمَانَ الْفَالِجُ، فَجَعَلَ الرَّجُلُ الَّذِي سَمِعَ مِنْهُ الْحَدِيثَ يَنْظُرُ إِلَيْهِ، فَقَالَ لَهُ: مَا لَكَ تَنْظُرُ إِلَيَّ؟ فَوَاللَّهِ مَا كَذَبْتُ عَلَى عُثْمَانَ، وَلَا كَذَبَ عُثْمَانُ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَلَكِنَّ الْيَوْمَ الَّذِي أَصَابَنِي فِيهِ مَا أَصَابَنِي غَضِبْتُ فَنَسِيتُ أَنْ أَقُولَهَا.

Абан бин Усман айтат: Усман бин Аффан (Аллах андан ыраазы болсун) Аллахтын элчисинен уктум деп бул хадисти айтып жатканын уктум:
"Кимде-ким: Аллахтын аты менен баштаймын. Анын аты менен башталган нерсеге жер бетинде да, асманда да эч ким зыян жеткире албайт. Ал Угуучу, Билүүчү" деп үч жолу айтса, таң атканга чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт. Кимде-ким бул дубаны таң атканда үч жолу айтса, кеч киргенге чейин ага кокустан балээ-кырсык келбейт". Кийин Абан бин Усман шал оорусу менен ооруп калды. Андан жогорудагы хадисти уккан бир киши аны суроолуу карап калды. Усман ага: Сага эмне болду, мени таңыркап карайсың? Аллахка ант болсун, мага Усман бин Аффан жалган айткан эмес. Усманга да пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалган айткан эмес. Болгону, мага ушул балээ келген күнү мен (бирөөгө) ачууланып, жогорудагы дубаны айтпай унутуп калыпмын - деди.

Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган Сунан Абу Дауд - 5088

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күн сайын таң аткандан кийин жана кечинде күн батардан мурда үч жолудан ушул дубаны айтса, ага балээ-кырсык болбостугун баяндаган: "Аллахтын ысымы менен" бардык зыяндуу нерселерден сактанамын. "Ал Аллах Анын аты зикир кылынса эч нерсе зыян тийгизе албайт". Ал нерсе "жердеги" кандай чоң нерсе болбосун, же жерден сырткары балээлерден болсун, "асмандагы" асмандан түшүүчү балээлерден болсун эч бири зыян бербейт. "Ал Аллах биздин сөздөрүбуздү "Угуучу" биздин абалдарыбызды "Билүүчү".
Кимде-ким бул дубаны кечинде айтса, таң атканга чейин ага кокустук балээлер келбейт. Ал эми ким таң эрте айтса, кеч киргенге чейин ага кокустук балээлер келбейт.
Кийин бул хадисти айтып өткөргөн Абан бин Усманга шал оорусу тиет. Шал оорусу дегени, адамдын бир жак ыптасы иштебей калат. Ошондо андан жогорудагы хадисти уккан кишилердин бири аны таң калып карайт. Усман ага: Неге таң калып карайсың?! Аллахка ант болсун, мен Усмандан жалган нерсени айткан жокмун. Усман да пайгамбардан жалган нерсени айткан жок. Болгону, мага ушул оору тийген күнү Аллах Таала бул дубаны айтууну тагдырыма жазбаптыр. Мен бир нерсеге ачууланып, бул сөздөрдү айтууну унутуп калыпмын - деди.

Хадистин пайдалары

  1. Аллахтын уруксаты менен адам кокус келүүчү балээ, зыяндардан ж.б.у.с. нерселерден корголуп туруусу үчүн, бул зикирди эртең менен жана кечинде айтып жүргөн жакшы.
  2. Мурдагы өткөн мусулмандардын Аллахка болгон ишеними бекем жана Аллахтын элчисинин айтканын тастыктоосу күчтүү болгон.
  3. Эртең менен жана кечинде зикир кылып туруунун бир пайдасы - мусулманды кайдыгерликтен ойготуп, ага дайыма Аллахтын кулу экендигин эскертип турат.
  4. Зикирдин таасири зикир кылган адамдын ыйманынын бекемдигине, берилүүсүнө жана ыкласына жараша болот.

Котормолорду көрсөтүү

51 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية