عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ يَوْمَ خَيْبَرَ:
«لَأُعْطِيَنَّ هَذِهِ الرَّايَةَ رَجُلًا يُحِبُّ اللهَ وَرَسُولَهُ، يَفْتَحُ اللهُ عَلَى يَدَيْهِ» قَالَ عُمَرُ بْنُ الْخَطَّابِ: مَا أَحْبَبْتُ الْإِمَارَةَ إِلَّا يَوْمَئِذٍ، قَالَ فَتَسَاوَرْتُ لَهَا رَجَاءَ أَنْ أُدْعَى لَهَا، قَالَ فَدَعَا رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَلِيَّ بْنَ أَبِي طَالِبٍ، فَأَعْطَاهُ إِيَّاهَا، وَقَالَ: «امْشِ، وَلَا تَلْتَفِتْ، حَتَّى يَفْتَحَ اللهُ عَلَيْكَ» قَالَ فَسَارَ عَلِيٌّ شَيْئًا ثُمَّ وَقَفَ وَلَمْ يَلْتَفِتْ، فَصَرَخَ: يَا رَسُولَ اللهِ، عَلَى مَاذَا أُقَاتِلُ النَّاسَ؟ قَالَ: «قَاتِلْهُمْ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ فَقَدْ مَنَعُوا مِنْكَ دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ، إِلَّا بِحَقِّهَا وَحِسَابُهُمْ عَلَى اللهِ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2405]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Хайбар согушу болгон күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди:
"Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет". Умар бин Хаттаб айтат: Мен башчы болууну ушул күнү гана аябай кааладым. Анан мага берип калса деп үмүт кылып (көрүнүү үчүн) боюмду керип өйдө болдум. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди чакырып, ага тууну берди. Анан: "Согушка аттан, Аллах жеңишке жеткирмейинче, артыңа кылчайба" - деди. Али алдыга басып жөнөп, токтой калды, бирок артына бурулуп караган жок. Анан үнүн катуу чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар эмне кылганча согушайын? - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Алар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бергенге чейин согуша бер. Эгер алар ушинтип күбөлүк берип мусулман болсо, өлүм жазасына татыктуу күнөө кылмайынча, жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат. Алардын эсеби Аллахтын колунда".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2405]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына эртең Мадинага жакын жайгашкан Хайбар жөөттөрү жеңилерин кабар берет. Бул жеңиш азыр мен тууну берген адамдын башчылыгында болот деп айтат. Туу дегени аскерлер белги катары көтөрүп жүргөн желек. Ал кишинин эң негизги сыпаты: Аллахты жана Анын элчисин жакшы көрөт, Аллах менен Анын элчиси аны жакшы көрөт.
Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан Аллахтын жана Анын элчисинин сүйүүсүнө жетишсем деп үмүт кылып, ушул күнү башчылыкка кызыккандай, эч качан кызыкпаганын эскерет. Анан Умар (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбар көрүп чакырып калабы деген үмүт менен боюн созуп, тууну мага берсе экен деп самады.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али ибн Абу Талибди (Аллах андан ыраазы болсун) чакырып, ага тууну берди. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Алиге аскерлерди жетектеп, душман менен жолуккандан кийин Аллах жеңишке жеткирип, душмандын чептерин басып алганга чейин артка чегинбөөнү, токтобоону жана тынчтык келишимин түзбөөнү буйруду.
Али (ага Аллах ыраазы болсун) алга жөнөп токтоп калды, бирок пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна каршы келбеши үчүн, артына кылчайбай туруп үнүн бийик чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар менен эмне кылганга чейин согушайын? - деп сурады.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: «Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк бермейинче алар менен согуш. Эгер алар муну кабыл алып, Исламга кирсе, анда жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат, Ислам мыйзамдары боюнча жазага татыктуу болгон кылмыштан башка учурларда. Жана алардын эсеби Аллахтын колунда».