+ -

عَنِ الْبَرَاءِ رضي الله عنه:
عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أَنَّهُ قَالَ فِي الْأَنْصَارِ: «لَا يُحِبُّهُمْ إِلَّا مُؤْمِنٌ، وَلَا يُبْغِضُهُمْ إِلَّا مُنَافِقٌ، مَنْ أَحَبَّهُمْ أَحَبَّهُ اللهُ وَمَنْ أَبْغَضَهُمْ أَبْغَضَهُ اللهُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ал-Бараа (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Мадинанын элиндеги ансарларды жакшы көрүү ыймандын толуктугунун белгиси экенин айткан. Буга алардын Исламга жана пайгамбарга жардам берүүдө биринчилерден болгону, мусулмандарга баш баанек берүүгө аракет кылганы, мал-жанын Аллах жолунда ишеткени себеп. Ал эми аларды жаман көрүү эки жүздүүлүктүн белгиси. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ким ансарларды жакшы көрсө, аны Аллах жакшы көрөрүн, ким ансарларды жаман көрсө, аны Аллах жаман көрөрүн баяндады.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Хадисте ансарлардын аброю жогору экени айтылган. Аларды сүйүү ыймандуулуктун жана эки жүздүүлүктөн тазалыктын белгиси.
  2. Аллахтын досторун сүйүү жана аларга жардам берүү - Аллахтын пендеге болгон сүйүүсүнө себеп болот.
  3. Исламга алгачкылардан болуп киргендердин артыкчылыгы баяндалат.