1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Акыйда (ишеним)

Хадис Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхудий болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه عَنْ رَسُولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم أنه قال:
«وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَا يَسْمَعُ بِي أَحَدٌ مِنْ هَذِهِ الْأُمَّةِ يَهُودِيٌّ وَلَا نَصْرَانِيٌّ، ثُمَّ يَمُوتُ وَلَمْ يُؤْمِنْ بِالَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ إِلَّا كَانَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Мухаммаддын жаны колунда турган Аллахка ант болсун, яхудий болобу, христиан болобу бул үммөттөн ким мен (жөнүндө) угуп, кийин мен жиберилген динге ишенбей өлүп кетсе, тозок ээлеринен болот".

Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган Сахих Муслим - 153

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтын аты менен касам ичип, яхудий болобу, христиан болобу, же анын даават, чакырыгы жеткен башка дин өкүлү болобу, аны угуп, бирок ага ишенбей бул дүйнөдөн өтүп кетсе, тозоктун тургуну болуп, анда түбөлүк каларын айткан.

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгы бүткүл ааламга жалпы тиешелүү экендигин, аны ээрчүү да баарына бирдей важыб болгондугун жана анын шарияты келгенден кийин башка шарияттардын баары күчүн жоготкондугун билдирет.
  2. Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенбеген адамга, анын андан башка пайгамбарларга (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) ишенем деген ою эч кандай пайда бербейт.
  3. Пайгамбарыбызды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) укпаган жана Ислам даават, чакырыгы жетпеген адамдар кечиримдүү (себептүү). Акыретте аларга кандай өкүм чыгаруу Аллахтын колунда.
  4. Өлүмгө аз калган учурда болсо да, катуу ооруп жаткан учурунда болсо да, өлүм сааты кекиртекке келгенге чейин Исламды моюндап пайдаланып калуу зарыл.
  5. Каапырлардын динин, анын ичинде яхудий жана христиандардын динин да туура деп эсептөө - каапырлык.
  6. Хадисте яхудий жана христиандарды айткан себеби, башкаларга эскертүү. Анткени, яхудий жана христиандардын (илахий, асман) китеби бар. Китеби бар диндер ушундай болгон соң, булардан башка китепсиз "диндер" андан бетер экени маалым. Булардын баарына пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) динине кирип, ага моюн сунуу важиб.

Котормолорду көрсөтүү

59 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية