+ -

عن عَمْرُو بْنُ عَامِرٍ عَنْ ‌أَنَس بن مالك قَالَ:
كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَتَوَضَّأُ عِنْدَ كُلِّ صَلَاةٍ، قُلْتُ: كَيْفَ كُنْتُمْ تَصْنَعُونَ؟ قَالَ: يُجْزِئُ أَحَدَنَا الْوُضُوءُ مَا لَمْ يُحْدِثْ.

[صحيح] - [رواه البخاري]
المزيــد ...

Амр бин Аамир Анас бин Маликтен риваят кылып айтты:
"Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ар бир намазга даарат алчу"- деди. Ошондо (Амр бин Аамир) Мен: "Силер кандай кылат элеңер?" - деп сурадым. Ал Анас бин Малик: "Даарат бузулбаса, ар бирибизге бир даарат менен (бир нече намаз окууга) болот." - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Бухари жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, даараты бузулбаса да, ар бир парз намазына даарат алчу. Даараттын сооп-сыйлыгына жана пезилетине жетүү үчүн ушундай кылат эле.
Даараты сынбаса, ошол бир даараты менен бирден ашык парз намаз окуса болот.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, эң көп амалы даараттын толук сообуна жетүү үчүн ар бир намазга даарат алуусу болгон.
  2. Ар бир намазда даарат алуу сооптуу.
  3. Бир даарат менен бир нече намаз окууга болот.