1. Башкы бет
  2. Категориялар
  3. Артыкчылыктар жана адептер

Хадис Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт

عَن أَبِي سَعِيدٍ الْخُدْرِيِّ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا يَنْظُرُ الرَّجُلُ إِلَى عَوْرَةِ الرَّجُلِ، وَلَا الْمَرْأَةُ إِلَى عَوْرَةِ الْمَرْأَةِ، وَلَا يُفْضِي الرَّجُلُ إِلَى الرَّجُلِ فِي ثَوْبٍ وَاحِدٍ، وَلَا تُفْضِي الْمَرْأَةُ إِلَى الْمَرْأَةِ فِي الثَّوْبِ الْوَاحِدِ».

Абу Саид ал-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эркек киши эркек кишинин авретине карабайт. Аял киши да аял кишинин авретине карабайт. Бир эркек киши башка эркек киши менен, аял киши да башка аял киши менен бир жамынчыга оронуп жылаңачтанып жатпайт".

Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган Сахих Муслим - 338

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек кишини эркек кишинин авретин кароодон тыйган. Аял кишини аял кишинин авретин кароодон тыйган.
Аврет: бул ачылып калса уяла турган мүчөлөр. Эркектин аврети киндигинен тизесине чейин. Ал эми аял киши бөтөн эркектин алдында бүт денеси аврет. А, аялдардын жана өзүнө махрам болгон эркектердин алдында адатта үйдө иштеп жүргөн учурда көрүнүүгө уруксат болгон жеринен башка жерлери аврет.
Ошондой эле пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек киши эркек киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Аял киши аял киши менен бир кийимдин же бир жамынчынын астында жылаңачтанган абалда калуусунан тыйган. Анткени, мындайда алар бири-биринин авретине кол тийгизип алуусу мүмкүн. Авретти кармоо, аны кароодой эле тыюу салынган арам иш. Балким, кармоо кароого караганда катуурак тыйылган, анткени бул чоң бузукулукка түртөт.

Хадистин пайдалары

  1. Күйөөсүнөн жана аялынан башканын авретин кароого тыюу салынат.
  2. Ислам дини коомдун тазалыгына жана бузук ишке алып бара турган бардык эшиктерди жабууга кызыкдар.
  3. Дарылоо сыяктуу зарыл учурларда авретти кумарланбастан кароого уруксат.
  4. Мусулман адам өзүнүн авретин жабууга жана башкалардын авретинен көзүн сактоого буйрулган.
  5. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эркек эркектин, аял аялдын деп өз-өзүнчө айтканы, булар бири-бирине кароого жана авреттерин ачык коюуга көп маани беришпейт.

Котормолорду көрсөтүү

57 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
YO Yorùbá اليوروبا
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
SO Soomaali الصومالية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
IT Italiano الإيطالية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
KMR Kurmancî الكرمنجية