+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا، قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ، وَنِسَاءٌ كَاسِيَاتٌ عَارِيَاتٌ مُمِيلَاتٌ مَائِلَاتٌ، رُؤُوسُهُنَّ كَأَسْنِمَةِ الْبُخْتِ الْمَائِلَةِ، لَا يَدْخُلْنَ الْجَنَّةَ، وَلَا يَجِدْنَ رِيحَهَا، وَإِنَّ رِيحَهَا لَيُوجَدُ مِنْ مَسِيرَةِ كَذَا وَكَذَا».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Эки түрдүү адамдар тозоктун тургундары болот, бирок мен аларды көрө элекмин. Биринчиси, колунда уйдун куйругундай чубалган камчысы бар, аны менен адамдарды сабаган коом. Экинчиси, кийимчен жылаңач, эркектерди өздөрүнө тарткан жана башкаларды да ушундай болууга кызыктырган, башына түйгөн чачтары төөнүн өркөчүндөй чайпалган аялдар. Мына ушулар бейишке кирбейт жана бейиштин жытын да жыттабайт. Ал эми бейиштин жыты канча-канча аралыкка буркурап турат".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тозоктун тургуну боло турган адамдардын эки тобун айтып эскерткен. Бирок аларды өзү көргөн эмес, анткени анын учурунда мындай адамдар болгон эмес, булар кийинчерээк чыккан:
Биринчи тобу: уйдун куйругундай узун камчылары бар адамдар. Аны менен башкаларды урат. Булар жазыксыз адамдарды сабаган милиция кызматкерлери жана залимдердин жардамчылары.
Экинчи тобу: адатта аялдын табиятында болгон ыйбаалуулуктун жана уяттуулуктун кийимин сыйрып салган аялдар.
Алардын сыпаты: негизинде кийимчен, акыйкатында жылаңач, анткени алар бүт денеси көрүнүп турган жука кийинет, же сулуу көрүнүү үчүн денесинин бир мүчөсүн жаап, экинчи мүчөсүн ачып жүрүшөт. Кийимдери жана баскан-турганы менен эркектердин көңүлүн өздөрүнө бурат. Ийиндерине таянып басышат. Башкаларды туура жолдон бурууга, болуп жаткан адашууга чакырат. Алардын дагы бир сыпаты: баштары төөнүн чайпалган өркөчүндөй, алар чачтарын түйүп, же чүпүрөк менен байлап чоңойтуп алат. Төөнүн өркөчүнө окшоткону, алар чачтарын жана көкүлдөрүн башынын төбөсүнө түйүп алганы, түйүлгөн чачын төөнүн өркөчүндөй ары-бери чайпалтып ойсолоңдоп басканы үчүн. Кимде ушундай жаман сыпаттар болсо, аларга төмөнкүдөй жаман убада берилген, алар бейишке кирбейт, бейиштин жытын жыттабайт, ага жакын да келбейт. А бейиштин жыты өтө алыс аралыктан буркурап турат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Кылган кылмышы, тарткан жазасы жок эле адамдарды уруп, ыза берүү - арам.
  2. Залимдин зулумдугуна жардам берүү да - арам.
  3. Аялдарды жасануудан, мүчөлөрдүн бирин жаап, бирин көрсөткөн ачык, тар, аврети жана дене мүчөлөрү анык билинип турган жука кийим кийүүдөн тыйып эскертүү.
  4. Мусулман аялзатын Аллахтын буйуруктарын бекем кармоого, Аллахты ачууландыра турган жана аны акыретте катуу азапка кириптер кыла турган иштерден алыс болууга үндөө.
  5. Бул хадис да пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлыгын далилдеген хадистердин бири. Мында да ал али боло элек иштер тууралуу айткан, ал иштер кийин пайда болгон.
Дагы...