عَنْ جَرِيرِ بْنِ عَبْدِ اللهِ رَضيَ اللهُ عنه قَالَ:
سَأَلْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ نَظَرِ الْفُجَاءَةِ فَأَمَرَنِي أَنْ أَصْرِفَ بَصَرِي.

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2159]
المزيــد ...

Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кокустан арамга көз салып алуу тууралуу сурадым. Ал көзүмдү дароо буруп кетүүгө буйруду.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2159]

Түшүндүрмө

Жарир бин Абдуллах (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аялга атайлабай, кокустан көз чаптырып алуу тууралуу сурайт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындайда дароо башка тарапка жүз буруп кетүү керектигин айтат. Ошондо ага эч кандай күнөө жазылбайт.

Хадистин пайдалары

  1. Көздү сактоо важиб.
  2. Кароого тыюу салынган нерсеге кокустан көз түшүп калса, аны көпкө тигилип карап туруп алуудан тыйган.
  3. Бөтөн аялга тигиле кароонун арамдыгы сахабалардын арасында калыптанган тыюу болгон. Буга Жарир бин Абдуллахтын (Аллах андан ыраазы болсун) пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бөтөн аялга атайлабастан көз салып алгандын өкүмү атайлап карагандын өкүмүндөйбү деп сураганы далил.
  4. Хадистен шарият адамдардын оңолуусуна кам көрөрүн байкайбыз. Анткени анда бөтөн аялга кароодон тыйып арам кылып жатат. Бөтөн аялга кароо адамдардын дүйнө жашоосуна да, акыретине да зыянын тийгизе турган бузук иш.
  5. Сахабалар өздөрүнө шек-күмөн жараткан маселе пайда болсо, дароо пайгамбарыбызга барып сурачу. Жалпы карапайым эл шек-күмөндүү иштерди аалымдарга барып сурап билип алуусу зарыл.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (50)
Дагы...