عن سَمُرَة بن جندبٍ رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«أَحَبُّ الْكَلَامِ إِلَى اللهِ أَرْبَعٌ: سُبْحَانَ اللهِ، وَالْحَمْدُ لِلهِ، وَلَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ، وَاللهُ أَكْبَرُ، لَا يَضُرُّكَ بِأَيِّهِنَّ بَدَأْتَ».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2137]
المزيــد ...

Самура бин Жундуб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллахка эң сүйүктүү төрт сөз: Субханаллах, Алхамдулиллах, Лаа илааха иллаллах жана Аллаху Акбар. Булардын кайсы биринен баштасаң да зыяны жок».

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2137]

Түшүндүрмө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таалага эң сүйүктүү сөздөр төртөө экенин баяндап жатат.
Субханаллах: Аллах Тааланы бардык кемчиликтен аруулоону түшүндүрөт.
Алхамдулиллах: Аллах Тааланы жакшы көрүү жана Аны улуулоо менен Анын толук, кемчиликсиз экенин сыпаттоо.
Лаа илааха Иллаллах: Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок.
Аллаху Акбар: Бардык нерседен эң урматтуу, эң улуу жана эң кадырлуу.
Бул сөздөрдүн пазилетин жана сообун алуу үчүн аларды тартиби менен айтуу талап кылынбайт.

Хадистин пайдалары

  1. Шарият жеңил. Ошондуктан бул сөздөрдүн кайсынысы менен баштасаң да зыяны жок.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (67)