+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه قال:
سُئِلَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ أَكْثَرِ مَا يُدْخِلُ النَّاسَ الْجَنَّةَ، فَقَالَ: «تَقْوَى اللهِ وَحُسْنُ الْخُلُقِ»، وَسُئِلَ عَنْ أَكْثَرِ مَا يُدْخِلُ النَّاسَ النَّارَ فَقَالَ: «الْفَمُ وَالْفَرْجُ».

[حسن صحيح] - [رواه الترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن الترمذي: 2004]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарды бейишке эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда, ал: «Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак» - деп айтты. Андан кийин адамдарды тозокко эң көп эмне киргизе тургандыгы жөнүндө суралганда: «Ооз жана жыныстык мүчө» - деп жооп берди.

[Хасан Сахих (жакшы, ишенимдүү хадис)] - [Ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2004]

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бейишке киргизе турган эң чоң себептер экөө экендигин баяндады. Алар:
Аллахка такыбалык кылуу жана жакшы адеп-ахлак.
Аллахка такыбалык кылуу - бул сени менен Аллахтын азабынын ортосундагы сактануу. Ал Аллахтын буйруктарын аткаруу жана тыюу салган нерселеринен тыйылуу.
Ал эми жакшы адеп-ахлак - бул жылуу жүздүү болуу, жакшылык кылуу жана зыян берүүнү токтотуу.
Тозокко киргизе турган эң чоң себептер экөө. Алар:
Тил жана уяттуу жерлер.
Башкача айтканда тилдин күнөөлөрү. Бул - жалган айтуу, гыйбат кылуу, ушак айтуу ж.б.
Ал эми уяттуу жерлердин күнөөлөрү - бул зына кылуу, гомосексуализм ж.б.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية اللينجالا المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бейишке кирүүнүн Аллах Таалага байланыштуу себептери бар. Ал Аллахка такыбалык кылуу. Жана Адамдарга тиешелүү себептер, ал жакшы адеп-ахлак.
  2. Тилдин ээсине жеткирген коркунучу бар жана ал тозокко киргизүүчү себептердин бири болот.
  3. Напсинин кумарларынын жана бузукулуктун адам үчүн коркунучу бар жана ал тозоко киргизүүчү эң көп себептердин бири болот.
Дагы...