عن عبد الله بن عمر رضي الله عنهما قال:
سَمِعَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ رَجُلًا يَعِظُ أَخَاهُ فِي الْحَيَاءِ، فَقَالَ: «الْحَيَاءُ مِنَ الْإِيمَانِ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 36]
المزيــد ...
Абдулла бин Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин бир тууганына уяттуулугу үчүн жемелеп жатканын угуп: «Уяттуулук ыймандан» - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 36]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир кишинин бир тууганына ашыкча уялчаактыгын таштоосун насаат кылганын укту. Андан кийин, ага уяттуулук ыймандын бир бөлүгү экенин жана ал жакшылык гана алып келерин түшүндүрдү.
Уяттуулук – бул жакшы иш-аракеттерди аткарууга жана жаман иш-аракеттерди таштоого түрткү болгон адеп.