+ -

عَنْ حُذَيْفَةَ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«لَا تَقُولُوا: مَا شَاءَ اللهُ وَشَاءَ فُلَانٌ، وَلَكِنْ قُولُوا: مَا شَاءَ اللهُ ثُمَّ شَاءَ فُلَانٌ».

[صحيح بمجموع طرقه] - [رواه أبو داود والنسائي في الكبرى وأحمد]
المزيــد ...

Хузайфанын (ага Аллах ыраазы болсун) риваятында, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтпагыла. Анын ордунда: "Аллах каалады андан кийин баланча каалады" - дегиле".

Сахих (ишенимдүү) -

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамды: "Аллах каалады жана баланча каалады" деп айтуудан тыйган. Же Аллах жана баланча каалады деп айтуудан; Мунун себеби, Аллахтын каалоосу жана каалоосун ишке ашыруусу абсолюттук түрдө Анын Өзүнө гана тиешелүү, ага эч ким шерик боло албайт. Жана деген маанини билдирген (Вав) байламтасын колдонгондо, кимдир бирөөнүн Аллахка шерик болгону жана Аны менен бирдей болуп калды деген маани туюунулат. Тескерсинче: Аллах каалады, кийин баланча каалады деп айтуу керек. "Вав" деген тамаганын ордуна кийин деген маанини билдирген "сумма" деген тамганы колдонсо, пенденин каалоосу Аллахтын каалоосунан кийин болгонун билдирет, анткени "сумма" бир иштин экинчи иштен бираздан кийин (дароо эмес) болгонун туюндурат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. "Аллах каалады жана сен кааладың" деп айтууга тыюу салынган (арам). Жана башка ушул сыяктуу "вав" байламтасы менен айтылган сөздөр, сөзгө тиешелүү ширктерден болгону үчүн айтууга тыюу салынган.
  2. "Аллах каалады анан сен кааладың" деп айтуу жайыз, уруксат. Жана башка ушул сыяктуу "сумма" деген байламта менен айтылган сөздөр, аларга тыюу салынбаганы үчүн айтууга уруксат.
  3. Аллахтын да каалоосу бар, пенденин да каалоосу бар. Пенденин калоосу Аллахтын каалоосунан кийин аны ээрчүүчү каалоо.
  4. Аллахтын каалоосуна калайыкты сөз менен болсо да шерик кылууга тыюу салынган.
  5. Сүйлөөчү адам эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосу сыяктуу, ар тараптуу жана абсолюттук жагынан ага барабар деп ишенип, этикат кылса же пенденин өз алдынча каалоосу бар деп ишенип этикат кылса, анда бул чоң ширк болот. Ал эми эгер пенденин каалоосу Аллах Тааланын каалоосунан төмөн деп ишенип этикат кылса, бул кичине ширк болот.