+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«كُلُّ أُمَّتِي مُعَافًى إِلَّا المُجَاهِرِينَ، وَإِنَّ مِنَ المُجَاهَرَةِ أَنْ يَعْمَلَ الرَّجُلُ بِاللَّيْلِ عَمَلًا، ثُمَّ يُصْبِحَ وَقَدْ سَتَرَهُ اللَّهُ عَلَيْهِ، فَيَقُولَ: يَا فُلاَنُ، عَمِلْتُ البَارِحَةَ كَذَا وَكَذَا، وَقَدْ بَاتَ يَسْتُرُهُ رَبُّهُ، وَيُصْبِحُ يَكْشِفُ سِتْرَ اللَّهِ عَنْهُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Күнөөсүн жарыя кылгандардан башка үммөтүмдүн баары ккечирилет. Жарыя кылуу мындай, бир адам түн ичинде күнөө кылып, Аллах анын жасаганын жашырат. Тиги болсо күндүзү: "О, баланча, мен түнү мындай, тигиндей иш кылдым" деп өзү жарыя кылат. Түндө аны Раббиси жашырган эле, Аллах жашырганды күндүзү өзү жарыя кылат".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман кишинин кылган күнөөсү кечирилерине үмүт бар экенин баяндайт. Бирок мактаныч менен кылган күнөөсүн уялбай жарыя кылган адам кечиримге ылайык эмес. Түнү күнөө кылат, аны Аллах жашырып койсо, эртеси бирөөлөргө түндө мындай күнөө кылдым деп өзү ашкере кылат. Түндө Аллах аны жашырган эле, күндүзү ал өзү Аллах жашырганды ашкере кылды.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тамилче Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Аллах жашырган күнөөнү жарыя кылуу өтө жаман иш.
  2. Күнөөнү жарыя кылуу ыймандуулардын арасында бузукулукту жайылтат.
  3. Аллах бул дүйнөдө кимдин күнөөсүн жашырса, акыретте да анын күнөөсүн жашырат. Бул Аллахтын пенделерине болгон ырайымынын кенендиги.
  4. Күнөө кылган адам күнөөсүн жашырып, Аллахка тообо кылышы керек.
  5. Күнөөлөрдү ачык кылып, кечиримден куру калгандардын күнөөлөрүнүн өтө оор экендиги баяндалат.
Дагы...