عن ابنِ عُمَرَ رضي الله عنهما قال: قال رسولُ الله صلَّى الله عليه وسلم:
«مَن تَشَبَّهَ بِقَوْمٍ فَهُوَ مِنْهُمْ».
[حسن] - [رواه أبو داود وأحمد] - [سنن أبي داود: 4031]
المزيــد ...
Ибн Умар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал айтты: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Ким бир коомго өзүн окшотсо, анда ал ошолордон».
[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан Абу Дауд - 4031]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким каапыр, бузуку же жакшы бир коомго өзүн окшотуп, аларга тиешелүү болгон акыйдаларынан, ибадаттарынан же үрп-адаттарынан бир нерсени аткарса, анда ал алардан болот. Анткени аларга өзүн-өзү сыртынан окшотуу алардын ички дүйнөсүнө да окшошуп калууга алып барат. Адамдарды тууроо аларга суктануунун натыйжасы экени талашсыз. Бул аларды сүйүүгө, аларды улуулоого, аларга таянууга алып келиши мүмкүн. Ал тургай ички ишениминде да жана ибадатта да аларга окшошууга алып келиши мүмкүн. Аллах андай болуудан сактасын.