عَنْ أَنَسٍ رضي الله عنه أَنَّ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِذَا تَوَضَّأَ أَحَدُكُمْ وَلَبِسَ خُفَّيْهِ فَلْيُصَلِّ فِيهِمَا، وَلْيَمْسَحْ عَلَيْهِمَا ثُمَّ لَا يَخْلَعْهُمَا إِنْ شَاءَ إِلَّا مِنْ جَنَابَةٍ».
[صحيح] - [رواه الدارقطني] - [سنن الدارقطني: 781]
المزيــد ...
Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек".
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ад-Даракутни жазып калтырган] - [Сунан ад-Даракутни - 781]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндайт: эгер даарат алгандан кийин маасы кийсе, анан даараты бузулуп кайра даарат алмакчы болсо, кааласа маасысына масх тартып койсо болот. Белгилүү мөөнөткө чейин маасысын чечпей, масх тартып жүрө берет. Бирок жунуб болуп калса, анда маасыны чечип жуунуу керек.