عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِذَا اسْتَيْقَظَ أَحَدُكُمْ مِنْ مَنَامِهِ فَلْيَسْتَنْثِرْ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ، فَإِنَّ الشَّيْطَانَ يَبِيتُ عَلَى خَيَاشِيمِهِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح مسلم: 238]
المزيــد ...

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Силерден бирөөңөр уйкудан турганда мурдун үч жолу кеңилжээрине чейин тазалап жуусун. Анткени шайтан мурундун кеңилжээринде түнөйт".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих Муслим - 238]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уйкудан турган адамды мурдун үч жолу жууга үндөйт. Мурунду жуу дегени, сууну мурунга киргизе тартып кайра чимкирүү. Мындай кылуунун себеби, шайтан мурундун кеңилжээринде түнөгөнү үчүн. Бул жалпы мурундун ичи.

Хадистин пайдалары

  1. Уйкудан турган ар бир адам үчүн мурундун ичин үч жолу тазалап жууп, шайтандын изин кетирүү шарияттын талабы. Эгер даарат ала турган болсо, анда мурунду сөзсүз жуу керек.
  2. Мурунду чимкирүү, мурунга суу алууну толуктайт. Анткени суу алуу мурундун ичин тазалайт, чимкирүү мурун ичиндеги ыплас нерсени сыртка чыгарат.
  3. Мурунду тазалоону түнкү уйкуга чектеген себеби хадисте шайтан түнөйт деп айтылгандыктан. Анткени, түнкү уйку терең жана узун болот.
  4. Хадисте адам сезбеген абалда ага шайтан жакындаарына далил бар.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (48)