+ -

عَنْ عَمَّارِ بنِ ياسِرٍ رضي الله عنه قال:
بَعَثَنِي رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي حَاجَةٍ، فَأَجْنَبْتُ فَلَمْ أَجِدِ الْمَاءَ، فَتَمَرَّغْتُ فِي الصَّعِيدِ كَمَا تَمَرَّغُ الدَّابَّةُ ثُمَّ أَتَيْتُ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَذَكَرْتُ ذَلِكَ لَهُ فَقَالَ: «إِنَّمَا كَانَ يَكْفِيكَ أَنْ تَقُولَ بِيَدَيْكَ هَكَذَا» ثُمَّ ضَرَبَ بِيَدَيْهِ الْأَرْضَ ضَرْبَةً وَاحِدَةً، ثُمَّ مَسَحَ الشِّمَالَ عَلَى الْيَمِينِ، وَظَاهِرَ كَفَّيْهِ وَوَجْهَهُ.

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Аммар бин Ясир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени кайсы бир ишке жумшады. Мен жунуб болуп калып, жуунгага суу таппай койдум. Анан жан-жаныбарлар оонаган сыяктуу топуракка оонап, буланып (намаз окудум). Кийин Аллахтын элчисине келгенде ушуну айтсам, ал: "Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду.

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сапарда баратып, Аммар бин Ясирди бир ишке жумшайт. Ал аялына кошулуппу, же (түшүркөп) кумарлануу менен уруктугу чыгып кетиппи, айтор жунуб болуп калат. Анан жунубдуктан жуунганга суу таба албайт. Ал жунубдукка таямум кылуунун өкүмүн билбейт эле. Кичи дааратка таямум кылуунун өкүмүн билчү. Анан өзүнчө изилденип ижтихад кылып, кичи дааратка таямум кылганда жуула турган мүчөлөрүнө топурак сүрткөн сыяктуу, жунубдукка таямум кылганда бүт денеге топурак сүртүү керек го деп ойлойт. Анан денеси менен топуракка буланып, намаз окуйт. Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) келгенде, кылганы туура, же туура эмес экенин билүү үчүн аны пайгамбарга айтат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага заара ушатуу сыяктуу жеңил дааратсыздыктан да, жунубдук сыяктуу оор дааратсыздыктан да таямум менен тазалануунун жолун үйрөтүп баяндап берет: ал мындай кылат, алгач эки алаканын топуракка чаап, анан сол колу менен оң колун сылап, эки колунун үстүн жана бетин сылайт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Таямум кылбастан мурда суу издөө важыб.
  2. Жунуб болуп, суу таба албаган адамга таямум кылуу шариятта уруксат.
  3. Оор, же чоң дааратсыздыктын таямуму деле кичине дааратсыздыктын таямуму сыяктуу.
Дагы...