عَن أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ:
سَأَلَ رَجُلٌ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، فَقَالَ: يَا رَسُولَ اللهِ، إِنَّا نَرْكَبُ البَحْرَ، وَنَحْمِلُ مَعَنَا القَلِيلَ مِنَ الْمَاءِ، فَإِنْ تَوَضَّأْنَا بِهِ عَطِشْنَا، أَفَنَتَوَضَّأُ مِنَ الْبَحْرِ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «هُوَ الطَّهُورُ مَاؤُهُ، الحِلُّ مَيْتَتُهُ».

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Бир киши Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суроо берип мындай деди: О Аллахтын элчиси, биз деңизде жүрөбүз. Жаныбызда аз гана суу болот. Эгер ал сууга даарат алсак, ичкенге суубуз жок чаңкап калабыз. Деңиз суусуна даарат алсак болобу? Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Деңиздин суусу таза, өлүмтүгү адал" - деп жооп берди.

Сахих (ишенимдүү) رواه أبو داود والترمذي والنسائي وابن ماجه وأحمد Сунан ат-Тирмизи - 69

Чечмелөө

Бир киши Аллахтын элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип сурайт: Биз балык уулап, же соода кылып же башка иштер менен кемеде көп жүрөбүз. Жаныбызда иче турган таза суубуз аз болот. Эгер ал сууну даарат же гусул үчүн пайдалансак, ичкенге суу таппай калабыз. Бизге деңиздин суусунан даарат алганга болобу?
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип жооп берди: Деңиздин суусу таза, тазалаганга да жарактуу. Ага даарат алууга да, жуунууга да болот. Суу бетине чыгып калган кит, балык жана башка деңиз жандыктары жегенге да адал. Кармалбай, өлүп суу бетине калкып чыгып калса деле адал.

Хадистин пайдалары

  1. Сууда жашаган жаныбарлардын өлүмтүгү адал. Өлүмтүк дегени, сууда гана жашаган жандыктардын өлүмтүгү адал.
  2. Толук пайдалуу болсун үчун суроого ашыгы менен жооп берүү жакшы.
  3. Таза нерсенин аралашуусу менен суунун даамы, түсү, же жыты өзгөрсө деле, эгер суулук табияты сакталса, ал суу таза эсептелет. Эгер анын шору, же ысыктыгы же сууктугу артса деле.
  4. Деңиздин суусу кичи дааратка да, чоң даратка да (гусулга) жарактуу. Денедеги, кийимдеги жана башка ыплас нажасты тазалоого да жарактуу.

Котормолорду көрсөтүү

50 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية