+ -

عَنْ ‌أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِذَا وَجَدَ أَحَدُكُمْ فِي بَطْنِهِ شَيْئًا، فَأَشْكَلَ عَلَيْهِ أَخَرَجَ مِنْهُ شَيْءٌ أَمْ لَا، فَلَا يَخْرُجَنَّ مِنَ الْمَسْجِدِ حَتَّى يَسْمَعَ صَوْتًا، أَوْ يَجِدَ رِيحًا».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
"Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындайча баяндады. Намаз окуган адамды курсагындагы жел экилентсе, ал курсагынан чыктыбы же чыкпадыбы деп шектенип калса, анда ал дааратын буза турган нерсе бар экенине б.а. желдин үнүн угуп, же жытын жыттап ынанмайынча, даарат алуу үчүн намазды токтотпосун жана бузбасын. Анткени анык болгон нерсе күмөн менен бузулбайт. Ал намаз окуучунун даараты бар экенини анык, бирок дааратынын бузулганында күмөн бар.

Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Уйгурча Бангалча Түркчө Сингалча Индияча Ветнамча Хаусача Малаяламча Телгиче Свахиличе Бурмача Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис Исламдын негиздеринин бири жана фикх эрежелеринин бири болуп саналат. Бул эреже: Анык болгон нерсе күмөн менен жок болбойт. Негизги принцип - башкасы анык болмоюнча, болгон нерсе ошол бойдон кала берет.
  2. Күмөндөнүү даараттын бар экенине таасир этпейт. Намаз окуган адам дааратынын бузулганына анык билмейинче, анда даараты бар бойдон кала берет.