عن أبي سعيد الخدري رضي الله عنه أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال:
«لَا ضَرَرَ وَلَا ضِرَارَ، مَنْ ضَارَّ ضَرَّهُ اللَّهُ، وَمَنْ شَاقَّ شَقَّ اللَّهُ عَلَيْهِ».
[صحيح بشواهده] - [رواه الدارقطني] - [سنن الدارقطني: 3079]
المزيــد ...
Абу Саид аль-Худри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
[Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис)] - [Ад-Даракутни жазып калтырган] - [Сунан ад-Даракутни - 3079]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө жана башкаларга зыяндын ар кандай түрлөрүнөн жана көрүнүштөрүнөн сактануу керек экенин баяндады. Ошондуктан кимдир бирөө өзүнө да, башкаларга да зыян келтириши туура эмес.
Зыян менен зыяндын ордун толтуруу туура эмес. Анткени зыянды зыян менен кетирүү болбойт. Бирок зыянды чектен чыкпаган касас (1) менен жоюуга болот.
Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга зыян келтиргендерге зыяндын азабы болоорун, адамдарга катаал болгондор үчүн кыйынчылыктын азабы болорун баяндады.