+ -

عن أبي هريرة رضي الله عنه:
أَنَّ رَجُلًا قَالَ لِلنَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: أَوْصِنِي، قَالَ: «لَا تَغْضَبْ» فَرَدَّدَ مِرَارًا قَالَ: «لَا تَغْضَبْ».

[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 6116]
المزيــد ...

Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылат:
Бир киши Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга: «Мага насаат бериңиз» - деп айтты. Ал: «Ачууланба» - деди. Андан кийин кайра-кайра сураганда Пайгамбар: «Ачууланба» - деп кайталады.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 6116]

Түшүндүрмө

Сахабалардын бири Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, өзүнө пайда алып келе турган нерсеге багыттоосун сурады. Ошондо Пайгамбар ачууланбоого буюрду. Бул анын ачуусун келтирген себептерден алыс болушун, ачуусу келгенде өзүн карманышын, кан төгүү, уруп-сабоо, мазактоо жана ушул сыяктуу нерселер менен ачуусун баспоо дегенди билдирет.
Ал киши: «Мага насаат бериңиз» - деген өтүнүчүн бир нече жолу кайталаса да, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, ага «ачууланба» деп айткан насаатын гана айтты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Фуланиче Италянча Оромочо Каннадача الولوف البلغارية Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ачуулануудан жана анын себептеринен сактануу. Анткени ачуулануу жамандыктын жыйындысы. Ал эми андан сактануу жакшылыктын жыйындысы.
  2. Аллахтын жүзү үчүн ачуулануу - бул мактоого татыктуу ачуулануу. Ал мактоого татыктуу ачуулануу - бул Аллахтын тыюулары бузулгандагы ачуулануу.
  3. Сүйлөмдү кайталоого зарыл болгон учурда угуучу аны баамдап, анын маанисин түшүнгүчө кайталоо.
  4. Аалымдан насаат суроонун пазилети.
Дагы...