عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا تَحَاسَدُوا، وَلَا تَنَاجَشُوا، وَلَا تَبَاغَضُوا، وَلَا تَدَابَرُوا، وَلَا يَبِعْ بَعْضُكُمْ عَلَى بَيْعِ بَعْضٍ، وَكُونُوا عِبَادَ اللهِ إِخْوَانًا الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لَا يَظْلِمُهُ وَلَا يَخْذُلُهُ، وَلَا يَحْقِرُهُ التَّقْوَى هَاهُنَا» وَيُشِيرُ إِلَى صَدْرِهِ ثَلَاثَ مَرَّاتٍ «بِحَسْبِ امْرِئٍ مِنَ الشَّرِّ أَنْ يَحْقِرَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ، كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ، دَمُهُ، وَمَالُهُ، وَعِرْضُهُ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2564]
المزيــد ...
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
"Бири-бириңе көралбастык кылбагыла. Бири-бириң менен (адамдарды алдоо үчүн) жасалма соода кылбагыла. Бири-бириңерди жек көрбөгүлө. Бири-бириңерден жүз буруп артыңарды салып кетпегиле. Бириңдин соодасынын үстүнөн экинчиң соода кылбагыла. Бир тууган Алланын пенделери болгула! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ага зулум кылбайт, аны таштап койбойт, аны кемсинпейт. Такыбалык ушул жерде" деп анан колу менен үч жолу көкүрөгүн көрсөттү. Анан: "Мусулман бир тууганын кемсинтүү кишиге жетиштүү күнөө болот. Ар бир мусулмандын каны, малы, ар-намысы экинчи мусулманга арам" - деди.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2564]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман экинчи мусулман бир тууганына жакшылык кылуусун осуят кылып, кээ бир аткаруусу зарыл болгон важыбдарды жана адептерди баян кылган. Алар төмөнкүлөр: Биринчи осуяты: бирөөдөгү жакшылыктарды көралбай, андан кетүүсүн самап көралбастык кылбоого. Экинчиси: озу сатып алууну каалабай туруп буюмдун баасын көтөрүп, сатуучуга пайда, сатып алуучуга зыян келтирген жасалма соода кылбоого. Үчүнчүсү: жек көрбөгүлө деди. Бул - жамандык каалоо, жакшы көрүүнүн тескериси. Жек көрүү Аллах үчүн болсо гана болот. Бул учурда важиб болуп калат. Төртүнчүсү: бири-биринен жүз буруп, артын салып тескени карап кетпөөгө. Бешинчиси: Бирөөнүн соодасынын үстүнө соода кылбоого. Мисалы, буюмду сатып алып жаткан кишиге келип "менде ушул эле нерсе баасы арзаныраак бар" деп бузбоого. Анан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалпылай мындай осуятын айтты: жогоруда айтылган жаман сыпаттарды таштап, мээрим, сүйүү, жумшактык менен бири-бириңди колдоп, таза жүрөк, жакшы насыйкаттар менен жакшылыкта жардам берип, бир туугандай болгула. Бул бир туугандык талап кылган иштер: Мусулман бир тууганына зулумдук жана душмандык кылбоо. Мусулман бир тууганын зулумдукка кабылтып, өзү жардам бере ала турган абалда туруп ага жардам көрсөтпөй таштап койбоо. Мусулман бир тууганын кемсинтип, ага жаман көз караш менен карабашы керек. Мындай мамиле жүрөктөгү текебердиктен чыгат. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уч жолу такыбалык жүрөктө болорун айтты. Кимдин жүрөгүндө Аллахтан коркууну, жакшы ахлакты камтыган такыбалык болсо, ал башка мусулманды кемсинтпейт. Текебер жүрөктөн чыкчу, мусулман бир тууганын кемсинте турган жаман мүнөздөн сактайт. Андан кийин Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир мусулмандын экинчи мусулманга арам болгон үч нерсесин бекемдеп айтты: каны, душмандык кылып өлтүрүү же жаракат алдыруу, уруу ж.б. Мал-дүйнөсү: анын мал-мүлкүн акысыз алуу. Ар-намысы: анын өзүнө же ата тегине шек келтирүү.