عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ: أَخَذَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِمَنْكِبِي، فَقَالَ:
«كُنْ فِي الدُّنْيَا كَأَنَّكَ غَرِيبٌ أَوْ عَابِرُ سَبِيلٍ»، وَكَانَ ابْنُ عُمَرَ، يَقُولُ: إِذَا أَمْسَيْتَ فَلاَ تَنْتَظِرِ الصَّبَاحَ، وَإِذَا أَصْبَحْتَ فَلاَ تَنْتَظِرِ المَسَاءَ، وَخُذْ مِنْ صِحَّتِكَ لِمَرَضِكَ، وَمِنْ حَيَاتِكَ لِمَوْتِكَ.

Абдулла бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени ийнимден кармап мындай деди:
"Бул дүйнө жашоосунда жат жерлик адамдай же жолоочу сыяктуу бол!" Ибн Умар: Эгер кечке жетсең, таңды күтпөгүн. Таңга жетсең, кечти күтпөгүн. Ооруп калганга чейин ден соолугуңду пайдалан. Өлүм келгенге чейин тирүүлүгүңдү пайдалан - деп айтчу.

Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган Сахих ал-Бухари - 6416

Чечмелөө

Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси аны ийнинен кармап: Бул дүйнө жашоосунда бөтөн жерлик адамдай бол. Ал башка жерден келген, жашаганга турагы жок, Жаратуучуга ибадат кылуудан алагды кыла турган бала-чака, үй-бүлөсү да жок. Же андан да өткөн өз мекение бара жаткан жолоочу сыяктуу бол. Бөтөн жерлик адам бөтөн жерде отурукташып жашап калышы мүмкүн. Ал эми мекенине бара жаткан жолоочу андай эмес. Ал эч жерге токтобойт, мекенине батыраак жетүүгө аракет кылат. Ошондой эле жолоочу киши өзүнүн жолуна жеткидей каражаттан ашык каражатка да муктаж эмес. Ошол сыяктуу ыймандуу адам дагы бул дүйнө жашоосунда жашоосуна жеткидей каражаттан ашыкчага муктаж эмес.
Ибн Умар бул насаатка амал кылып аны иш жүзүндө аткарып: Таңды аттырсаң, кечти, кечти киргизсең таңды күтпөгүн. Өзүңдү кабырдагылардын биримин деп эсепте (ошого даярдан). Анткени, өмүрдө ооруу-сыркоо деген болот - дечү. Ооруп калганга чейин дени карды соо күндөрүңдө ибадат кылып кал. Тирүүлүгүңдү пайдаланып, өлгөндөн кийин пайдасы тие турган амалдарды аткарып кал.

Хадистин пайдалары

  1. Мугалимдин окуучунун көңүлүн буруп, тынчтандыруу үчүн анын ийнине колун койуп таалим бергени жакшы.
  2. Шариятта өзү талап кылбаган адамга да насаат айтып, туура жол көрсөтүүгө уруксат берилет.
  3. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң сонун таалим-тарбия ыкмасы анын: “Бул дүйнөдө чоочун же жолоочу сыяктуу бол” деген сөздөрүндөй ынандырарлык мисалдарды келтирүү болгон.
  4. Адамдардын акыретке болгон сапары ар түрдүү болот: бөтөн жерлик адамга караганда жолоочу адамдын даражасы жогору турат.
  5. Үммүттү кыска кылуу жана өлүмгө даярдануу зарыл.
  6. Хадис ырыскы талап кылуудан жана дүйнө жашоосунун ырахаттарынан баш тартууга үндөбөйт. Болгону, дүйнөгө берилип кетпөөгө жана азайтууга кызыктырат.
  7. Жакшы амалдарды аткарууга шашылуу зарыл. Анткени, ооруу же өлүм келип калса аткарууга шарт болбой калат.
  8. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул насаатты угуп таасирленген Абдуллах бин Умардын (аларга Аллах ыраазы болсун) артыкчылыгы.
  9. Ыймандуулардын турагы бейиш. Ал бул дүйнөдө бөтөн жерлик, акыретке сапар кылып бара жатат. Бөтөн бирөөнүн жерине бир нерсени жүрөгүнө киригизип албайт. Анын жүрөгү кайтып бара турган мекенине байланган. Анын бул дүйнөдө турушу, убактылуу гана милдеттерин бүтүрүп, мекенине кайтууга даярдануусу үчүн.

Котормолорду көрсөтүү

59 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
BN বাংলা البنغالية
FR Français الفرنسية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
JA 日本語 اليابانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
CS Čeština التشيكية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
AZ Azərbaycan الأذربيجانية
UZ O‘zbek الأوزبكية
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
BM Bambara البامبارية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية
DA Dansk الدنماركية
RN Kirundi الكيروندي
KMR Kurmancî الكرمنجية
MS Bahasa Melayu الملايو