+ -

«كُلُّ سُلاَمَى مِنَ النَّاسِ عَلَيْهِ صَدَقَةٌ*، كُلَّ يَوْمٍ تَطْلُعُ فِيهِ الشَّمْسُ يَعْدِلُ بَيْنَ الِاثْنَيْنِ صَدَقَةٌ، وَيُعِينُ الرَّجُلَ عَلَى دَابَّتِهِ فَيَحْمِلُ عَلَيْهَا أَوْ يَرْفَعُ عَلَيْهَا مَتَاعَهُ صَدَقَةٌ، وَالكَلِمَةُ الطَّيِّبَةُ صَدَقَةٌ، وَكُلُّ خُطْوَةٍ يَخْطُوهَا إِلَى الصَّلاَةِ صَدَقَةٌ، وَيُمِيطُ الأَذَى عَنِ الطَّرِيقِ صَدَقَةٌ».
[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Адам баласы ар бир дене мүчөсү үчүн күн сайын садага берүүсү керек . Анын эки адамды жараштырып койгону - садага. Бирөөнү атына аттантып, жүгүн артып бергени - садага. Жакшы сөз - садага. Намаз окуу үчүн мечитке таштаган ар бир кадам - садага. Жолду зыяндуу нерседен тазалоо - садага".

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садагалар мал-мүлктөн гана бере турган садага эмес, жакшы иштердин баарына тиешелүү садагалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садага. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садага. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тие турган нерсени жолдон алып таштоо - садага.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Свахиличе Тайландча Ассамча Щведче Амхарча Йорубача Дариче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адам баласынын сөөк, тарамыштарынын тартиптүү кыймылдап турганы Аллах Тааланын бизге берген эң чоң нээмат жакшылыгы. Ошон үчүн Аллахтын бул жакшылыгына шүгүр кылып, ар бир мүчөгө өзүнчө садага берилүүсү тийиш.
  2. Аллахтын нээмат жакшылыгы дайыма уланып туруусу үчүн күн сайын ага жаңылап шүгүр кылуу керек.
  3. Күн сайын нафил ибадаттарды аткарып, садагаларды берип туруу керек.
  4. Адамдардын ортосун жараштыруу - артыкчылыктуу иштерден.
  5. Мусулман боордошуна жардам берүү зарыл, анткени ага жардам берүү да садага болуп эсептелет.
  6. Жамаат намазын окуу үчүн басып баруу керек. Мечит куруу да ушуга кирет.
  7. Зыяндуу нерселерди алып таштоо аркылуу мусулмандардын ары-бери баскан жолун таза сактоо важиб.