عن أبي موسى الأشعري رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«إِذَا مَرِضَ الْعَبْدُ أَوْ سَافَرَ كُتِبَ لَهُ مِثْلُ مَا كَانَ يَعْمَلُ مُقِيمًا صَحِيحًا».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 2996]
المزيــد ...
Абу Муса аль-Ашьари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Пенде ооруса же сапарга чыкса, анда ага дени сак, сапарга чыкпаган кезинде аткарган иш-аракеттеринин сообу бериле берет».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 2996]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисинде эгерде мусулман адам дени сак жана сапарга чыкпаган кезинде жакшы иш-аракеттерди аткарып жүргөн болсо, оору же сапар ж.б. үзүр себептүү ал иш-аракеттерин аткара албай калса, анда ага сообу жазыла берээрин айтып, Аллахтын пазилеттүү жана мээримдүү экенин кабарлап жатат.