+ -

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بنِ مَسْعُودٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَيْسَ مِنَّا مَنْ لَطَمَ الخُدُودَ، وَشَقَّ الجُيُوبَ، وَدَعَا بِدَعْوَى الجَاهِلِيَّةِ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1294]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Бетин тытып, жакасын айрып, караңгы доорго чакырып, кыйкыргандар бизден эмес".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1294]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Исламга чейинки доордогу кээ бир иштерди аткаруудан тыйып, катуу эскертип, бул иштерди кылгандар бизден эмес деп айткан.
Биринчиси: Беттин кырына ургандар. Беттин кыры деп айтканы беттин көп бөлүгүн түзгөнү үчүн, негизи беттин бардык бөлүгүнө уруп, тытмалоого тыюу салынган.
Экинчиси: Кайгыдан улам кийимдин башын чыгара турган жерин, жакасын айрыгандар.
Үчүнчүсү: Караңгы доордогудай амалдарды кылуу, мисалы, кошок, өкүрүк, ж.б. коштогон дубаларды кылуу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадисте айтылган тыюу бул амалдар чоң күнөөлөрдөн экенине далил.
  2. Кайгы-кысыретке сабыр кылуу важыб. Аллахтын тагдырына ачуулануу жана аны өкүрүк, кайгыруу, чачты жулуп, кийимди тытуу менен билдирүү арам иш.
  3. Шарият тыюу салган карангылык доордогу жаман адаттарды кармануу арам.
  4. Кайгырып, көздөн жаш чыгарып ыйлоо эч нерсе эмес, бул Аллахтын тагдыр-өкүмүнө сабырсыздык деп эсептелбейт. Бул Аллах Тааланын (каза болгон адамга) жакын, аны жакшы көргөн адамдардын жүрөгүнө салган ырайымы.
  5. Мусулман адам Аллах Тааланын тагдыр-өкүмүнө ыраазы болушу керек. Эгер ыраазы болбосо да, ага сабыр кылуу важыб.
Дагы...