عن أبي مَرْثَدٍ الغَنَوِيّ رضي الله عنه قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«لَا تَجْلِسُوا عَلَى الْقُبُورِ، وَلَا تُصَلُّوا إِلَيْهَا».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 972]
المزيــد ...
Абу Марсад ал-Ганави (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кабырлардын үстүнө отурбагыла жана анда намаз окубагыла!"
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 972]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырлардын үстүнө отурууга тыюу салган.
Ошондой эле кабырда намаз окууга жана кыбыла тарабындагы кабырга жүздөнүп намаз окууга тыюу салган. Анткени, бул ширкке алып баруучу иштерден.