+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَنْ تَوَضَّأَ فَأَحْسَنَ الْوُضُوءَ ثُمَّ أَتَى الْجُمُعَةَ فَاسْتَمَعَ وَأَنْصَتَ غُفِرَ لَهُ مَا بَيْنَهُ وَبَيْنَ الْجُمُعَةِ وَزِيَادَةُ ثَلَاثَةِ أَيَّامٍ، وَمَنْ مَسَّ الْحَصَى فَقَدْ لَغَا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 857]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким жакшылап толук даарат алып, жума намазына барса, анан (кутпаны) укса жана унчкупай жым отурса, өткөн жумадан бул жумага чейинки, ага кошумча дагы үч күндүн (майда) күнөөлөрү кечирилет. Ал эми ким (жердеги майда) таштарды ары-бери жылдырса, куру калат"

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 857]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: кимде-ким парз, сүннөт, мустахабдарын калтырбай толук аткарып даарат алса, анан жума намазын окуу үчүн мечитке барып, кутпа айткан кишини унчукпай угуп отурса, керексиз сөз сүйлөбөсө, Аллах Таала анын он күндүк майда күнөөлөрүн кечирет. Өткөн жумадан бул жумага чейинки жети күн андан сырткары дагы үч күндүк күнөөлөрү кечирилет. Анткени жакшылыктын сообу он эсеге көбөйтүлүп берилет. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кутпадан алагды кыла турган иштерди кылуудан тыйып эскертти. Кимде-ким денесине тийген майда таштарды тазалаган сыяктуу адамды алагды кыла турган иштерди кылса, ал жуманын толук сооп-сыйын алуудан куру калат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Дааратты кемчиликсиз, толук алуу жана жума намазын такыр калтырбай окуу зарыл.
  2. Жума намазы артыкчылыктуу намаз.
  3. Жумадагы кутпаны унчукпай отуруп угуу важыб. Кутпанын учурунда сүйлөөгө же башка иш менен алек болууга болбойт.
  4. Кутпанын учурунда керексиз иш кылган адамдын намазы – намаз катары кабыл болот, бирок сооп-сыйлыктары кемчиликтүү болуп калат.