+ -

عَنْ سَهْلِ بْنِ مُعَاذِ بْنِ أَنَسٍ عَنْ أَبِيهِ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَنْ أَكَلَ طَعَامًا فَقَالَ: الحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي أَطْعَمَنِي هَذَا وَرَزَقَنِيهِ مِنْ غَيْرِ حَوْلٍ مِنِّي وَلاَ قُوَّةٍ، غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ».

[حسن] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد] - [سنن الترمذي: 3458]
المزيــد ...

Сахл бин Муаз бин Анас атасынан риваят кылып айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким тамак жеп бүткөндөн кийин: "Алхамду лиллаахил-лази атъамани хаза ва розаканиихи мин гойри хавлин уа лаа кувватин" (Менден эч кандай күч-кубат талап кылбай, ушул тамакты жедирип, ырыскы берген Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун) деп айтса, анын өткөн (майда) күнөөлөрү кечирилет.

[Хасан (жакшы)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 3458]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тамак жеген адам: бул тамакты табууга, аны жегенге менин кудуретим жок эле, Аллахтын жардамы менен гана тамак таап жей алдым деп, Аллахка алкыш-мактоо айтууга үндөгөн. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким ушинтип айтса, Аллах Таала анын мурда жасаган майда күнөөлөрүн кечиришине татыктуу болорун сүйүнчүлөгөн.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Тамак жеп бүткөндөн кийин Аллах Таалага алкыш-мактоо айтуу жакшы иш.
  2. Аллах Тааланын пенделерине берешендиги улуу. Пенделерине ырыскы берет, ырыскы алуунун жолун жеңил кылат, анан да ошол ырыскыны жеп мактоо айтканы үчүн күнөөлөрүн кечирет.
  3. Пенденин ар бир иши Аллахтын жардамы менен болот, өзүнүн күч-кубаты менен болбойт. Пенде себептерди аткарууга гана буйрулган.
Дагы...