عَنِ الحُسَينِ بنِ عَلِيٍّ بنِ أَبِي طَالِبٍ رضي الله عنهما قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«الْبَخِيلُ مَنْ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ».

Хусайн бин Али бин Абу Талиб (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Менин атымды укканда мага салават айтпаган адам - сараң адам".

Сахих (ишенимдүү) رواه الترمذي والنسائي في الكبرى وأحمد Сунан ал-Кубра лин-Насааи - 8046

Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын атын, куниясын же сыпаттарын укканда салават айтпай коюудан эскерткен. Мен эскерилгенимде мага салават айтпаган адам чыныгы сараң деген. Бул бир канча маанини билдирет:
Биринчи: Бул аз да, көп да чыгым болбой турган, байлык да, күч да коротпой турган нерсеге сараңдык кылуу.
Экинчи: мындай адам өзүнө-өзү сараңдык кылып, айтылган салаваттын сообунан куру калат. Анткени ал салават айтпай, сараңдык кылды жана өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруудан тыйылды жана анын аткарылышынын артынан келген сооптон да кол жууду.
Үчүнчү: Пайгамбарга салават айтуу анын кээ бир акыларын берүү болуп эсептелет. Ал бизге динди үйрөттү, туура жолго багыт берди, Аллахтын динине чакырды, аян-кабарды жана шариятты таратты. Ал Аллах Тааладан кийинки эле биздин туура жолго түшүүбүзгө себепкер болду. Ошон үчүн ким ага салават айтпаса, ал өзүнө-өзү сараңдык кылат. Анын аз гана акысын бере албай пайгамбарына да сараңдык кылат.

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарга салават айтпай коюу сараңдыктын белгиси.
  2. Пайгамбарга салават айтуу бардык убактарга тиешелүү эң жакшы таат-ибадат, Аллахка жакындоо болуп эсептелет. Ал эми аты аталган учурда салават айтуу важип болот.
  3. Ан-Навави минтип айткан: Пайгамбарга салават айтканда салам менен салаватты чогуу айтуу керек, бирин калтырып экинчисин айтууга болойт. Мисалы: "Соллаллааху алайхи..." деп коюу же "Алайхис салам" деп коюу жарабайт.
  4. Абу Аалия Аллах Тааланын "Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтат..." деген сөзү тууралу минтип айткан: Аллах Тааланын пайгамбарына салават айтканы - аны мактаганы. Периштелер менен адамдардын салават айтканы - ага дуба кылганы.
  5. Ал-Халимий минтип айткан: "Аллахумаа солли алаа Мухаммад" деген салаваттын мааниси: Аллахым, аны бул дүйнөдө атын жарыя кылып, динин жайылтып, шариятын түбөлүк калтырып улуктагын. Акыретте болсо, үммөтүн шапаат кылдырып, сооп-сыйын арттырып, мактоого татыктуу орду аркылуу мурдагы жана кийинкилерге артыкчылыгын көрсөтүп, бардык (Аллахка) жакын, күбө болуучулардын алдына коюу менен улуктагын.

Котормолорду көрсөтүү

51 Тил
EN English الإنجليزية
UR اردو الأوردية
ES Español الإسبانية
ID Indonesia الإندونيسية
UG ئۇيغۇرچە الأيغورية
BN বাংলা البنغالية
TR Türkçe التركية
RU Русский الروسية
BS Bosanski البوسنية
SI සිංහල السنهالية
HI हिन्दी الهندية
ZH 中文 الصينية
FA فارسی الفارسية
VI Tiếng Việt الفيتنامية
TL Tagalog تجالوج
KU Kurdî الكردية
HA Hausa الهوسا
PT Português البرتغالية
ML മലയാളം المليالم
TE తెలుగు التلغو
SW Kiswahili السواحيلية
TA தமிழ் التاميلية
MY မြန်မာ البورمية
TH ไทย التايلندية
DE Deutsch الألمانية
PS پښتو بشتو
AS অসমীয়া الأسامية
SQ Shqip الألبانية
SV Svenska السويدية
AM አማርኛ الأمهرية
NL Nederlands الهولندية
GU ગુજરાતી الغوجاراتية
NE नेपाली النيبالية
LT Lietuvių الليتوانية
PRS دری الدرية
SR Српски الصربية
TG тоҷикӣ الطاجيكية
RW Kinyarwanda الكينياروندا
RO Română الرومانية
HU Magyar المجرية
MOS Moore الموري
MG Malagasy المالاجاشية
OM Oromoo الأورومو
KN ಕನ್ನಡ الكانادا
WO Wolof الولوف
UK Українська الأوكرانية
KA ქართული الجورجية
MK Македонски المقدونية
KM ភាសាខ្មែរ الخميرية
PA ਪੰਜਾਬੀ البنجابية
MR मराठी الماراثية