عن ابْنِ عُمَرَ رضي الله عنهما أنه سَمِعَ رَجُلًا يَقُولُ: لَا وَالْكَعْبَةِ، فَقَالَ ابْنُ عُمَرَ: لَا يُحْلَفُ بِغَيْرِ اللَّهِ، فَإِنِّي سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«مَنْ حَلَفَ بِغَيْرِ اللهِ فَقَدْ كَفَرَ أَوْ أَشْرَكَ».
[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 1535]
المزيــد ...
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) бир кишинин мындай деп айтып жатканын угуп калат. Ал киши: «Жок, Каабага ант болсун!» - дейт. Ошондо Ибн Умар мындай деп айтат: «Аллахтан башкага ант ичилбейт. Чындыгында, мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын укканмын:
«Ким Аллахтан башкага ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Абу Дауд, ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 1535]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллахтан жана анын ысым-сыпаттарынан башкага ант ичкен адам Аллахка каапырлык кылганын же ширк кылганын кабар берип жатат. Себеби ант ичүү ант ичкен нерсени улуктоону талап кылат. Чындыгында, бардык улуулук Жалгыз Аллахка гана таандык. Ошондуктан бир гана Аллахка же анын ысым-сыпаттары менен гана ант ичүүгө болот. Аллахтан башкага ант ичүү кичине ширк (2) болот. Эгерде ант ичкен адам ант ичкен нерсесин Аллахты улуктагандай же андан ашырып улуктаса, анда ал учурда чоң ширк болот.