+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«لَا تَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ حَتَّى تُؤْمِنُوا، وَلَا تُؤْمِنُوا حَتَّى تَحَابُّوا، أَوَلَا أَدُلُّكُمْ عَلَى شَيْءٍ إِذَا فَعَلْتُمُوهُ تَحَابَبْتُمْ؟ أَفْشُوا السَّلَامَ بَيْنَكُمْ».

[صحيح] - [رواه مسلم]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Ыймандуу болмоюнча бейишке кире албайсыңар жана бири-бириңди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар. Оболу, мен силерге бир нерсени айтайын, эгер ошону аткарсаңар бири-бириңерди жакшы көрөсүңөр: "Араңарда саламды жайылткыла".

Сахих (ишенимдүү) - Муслим жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бейишке ыймандуулар гана кирерин баяндаган. Ошондой эле бири-бирин жакшы көрмөйүнчө ыйман толук болбостугун, мусулман коомчулугунун абалы оңолбостугун айткан. Андан кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) махабатты пайда кыла турган иштердин эң жакшысына багыт берди. Ал Аллах Таала пенделери үчүн учурашуучу сөз кылып койгон салам айтууну мусулмандардын арасына жайылтуу.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Бейишке кирүү ыйман аркылуу гана болот.
  2. Өзүнө каалаган нерсени башка мусулман бир тууганына да каалоо мусулмандын ыйманынын толуктугунан кабар берет.
  3. Адамдардын арасында аманчылыкты жана махабатты пайда кылганы үчүн, мусулмандарга саламды жайылтуу жана көп айтуу жакшы.
  4. Мусулман адамга гана салам айтылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "араңарда" деп баса белгилеп айткан.
  5. Салам айтуу - мамиленин үзүлүүсү, бири-биринен алыстоо жана касташуунун алдын алат.
  6. Мусулмандардын ортосунда махабаттын болуусу зарыл, анткени ал ыймандын толуктугунан.
  7. Башка хадисте салам айтканда: "Ассаламу алайкум ва рахматуллохи ва баракатух" деп айтуу саламдын толугу экени, ал эми: "Ассаламу алайкум" десе деле жетиштүү болору айтылган.
Дагы...