+ -

عن النُّعمان بن بَشير رضي الله عنه قال: سَمِعْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ -وَأَهْوَى النُّعْمَانُ بِإِصْبَعَيْهِ إِلَى أُذُنَيْهِ-:
«إِنَّ الْحَلَالَ بَيِّنٌ وَإِنَّ الْحَرَامَ بَيِّنٌ، وَبَيْنَهُمَا مُشْتَبِهَاتٌ لَا يَعْلَمُهُنَّ كَثِيرٌ مِنَ النَّاسِ، فَمَنِ اتَّقَى الشُّبُهَاتِ اسْتَبْرَأَ لِدِينِهِ وَعِرْضِهِ، وَمَنْ وَقَعَ فِي الشُّبُهَاتِ وَقَعَ فِي الْحَرَامِ، كَالرَّاعِي يَرْعَى حَوْلَ الْحِمَى يُوشِكُ أَنْ يَرْتَعَ فِيهِ، أَلَا وَإِنَّ لِكُلِّ مَلِكٍ حِمًى، أَلَا وَإِنَّ حِمَى اللهِ مَحَارِمُهُ، أَلَا وَإِنَّ فِي الْجَسَدِ مُضْغَةً، إِذَا صَلَحَتْ صَلَحَ الْجَسَدُ كُلُّهُ، وَإِذَا فَسَدَتْ فَسَدَ الْجَسَدُ كُلُّهُ، أَلَا وَهِيَ الْقَلْبُ».

[صحيح] - [متفق عليه]
المزيــد ...

Ан-Нууман бин Башир, радыяллаху анху, риваят кылат. Нууман эки манжасы менен кулагынына ишара кылып: «Мен Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламдын, мындай деп айтканын уктум» - дейт.
Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Чындыгында, адал нерселер белгилүү, арам нерселер да белгилүү. Ал эми ал экөөнүн ортосунда көптөгөн адамдар билбеген күмөндүү нерселер бар. Ким ошондой күмөндүү нерселерден сактанса, анда ал динин жана намысын таза сактаптыр. Ким күмөндүү нерселерди кылган болсо, анда ал арамга түшүп калышы мүмкүн. Бул бирөөнүн корук-жайына жакын малын жайып жүргөн чабан сыяктуу. Ал малын карап турбаса, корук-жайга кирип кетүүсү мүмкүн. Ар бир падышанын корук-жайы болот. Аллахтын корук-жайы – Ал арам кылган нерселер. Чындыгында, денеде бир үзүм эт бар, эгерде ал оңолсо, дененин баары оңолот. Эгерде ал бузулса, анда дененин баары бузулат. Мына ошол бир үзүм эт – ал жүрөк».

Сахих (ишенимдүү) - Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)

Түшүндүрмө

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, нерселерге байланыштуу жалпы айтылган эрежени ачыктап жатат. Ал эреже шариятта үчкө бөлүнөт: Ачык-айкын адал, ачык-айкын арам жана өкүмдө адалдык жана арамдык жагынан ачык-айкын болбогон күмөндүү иштер. Анын өкүмүн көп адамдар биле бербейт.
Демек кимде-ким ошол күмөндүү нерселерди таштаса, анда анын дини аны арамга түшүп калуудан сактайт жана анын намысы бул күмөндүү иштерди жасаган себебинен аны айыптаган адамдардын сөзүнөн аман болот. Кимде-ким күмөндүү нерселерден алыстабаса, анда ал же арамга түшүп калат, же адамдар анын намысына тийишет. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, күмөндүү нерселерди аткарып койгон адамдын абалын баяндоо үчүн мисал келтирди. Бул кожоюну коргогон жердин жанында малын жайып жүргөн чабанга окшош. Чабандын малы бул коруктун жанына жакын жайгашкандыктан, жайылып ага өтүп кетүүсүнө аз калат. Ошондой эле, кимде-ким күмөндүү бир ишти кылса, анда ал арамга жакындайт да ал арамга түшүп калышына аз калат. Андан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, денеде бир үзүм эт бар экенин, (ал жүрөк) ал оңолсо, дененин баары оңолоорун жана ал бузулса, дененин баары бузулаарын кабар берди.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Өкүмү тактала элек күмөндүү нерселерди таштоого үндөдү.
Дагы...