+ -

عَنْ أَنَسٍ رَضيَ اللهُ عنهُ قَالَ:
ضَحَّى النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ بِكَبْشَيْنِ أَمْلَحَيْنِ أَقْرَنَيْنِ، ذَبَحَهُمَا بِيَدِهِ، وَسَمَّى وَكَبَّرَ، وَوَضَعَ رِجْلَهُ عَلَى صِفَاحِهِمَا.

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 5565]
المزيــد ...

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү эки ак кочкорду курмандыкка чалып, Аллахтын атын атап, такбир айтып, анан бутун кочкорлордун моюнуна такап туруп өз колу менен мууздады.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 5565]

Түшүндүрмө

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) курман айт күнү пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мүйүздүү, бир аз кара аласы бар эки ак кочкорду курмандыкка чалганын айтат. Аларды мууздардан алдын: Бисмиллахи Аллаху Акбар деп, анан алардын моюнуна бутун такап туруп мууздайт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Курмандык чалуу бардык мусулмандардын пикиринде шарият кызыктырган иштерден.
  2. Курмандыкка чалына турган мал-жандыктын эң абзели пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) курмандык чалган кочкорлордой сыпаттагы кочкор. Анткени, мындай кочкордун көрүнүшү жакшы жана эт, майы да даамдуу болот.
  3. Ан-Навави (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айткан: Ар бир адам курмандыкты өз колу менен чалганы абзел. Кандайдыр бир үзүр, себеп болсо гана ордуна башка бирөөнү дайындаса болот. Бирөөнү дайындаган учурда да анын мууздаганына өзүнүн күбө болгону жакшы. Ордуна мусулман адамды сурануу эч кандай талашы жок жарактуу иш.
  4. Ибн Хажар минтип айткан: Курмандык чаларда Аллахты атоо менен бирге такбир айтуу мустахаб. Ошондой эле чалынып жаткан жандыктын моюнунун оң жагына бутту коюп туруп мууздоо да мустахаб. Ушундай кылганда союп жаткан адамга бычакты оң колуна алып, сол колу менен жандыктын башын кармап туруу ыңгайлуу болот.
  5. Курмандыктын мүйүздүү болгону мустахаб. Бирок мүйүзү жок токол болсо деле курмандыкка жарай берет.