+ -

عَنْ جَابِرِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا أَنَّهُ سَمِعَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، يَقُولُ عَامَ الفَتْحِ وَهُوَ بِمَكَّةَ:
«إِنَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ حَرَّمَ بَيْعَ الخَمْرِ، وَالمَيْتَةِ وَالخِنْزِيرِ وَالأَصْنَامِ»، فَقِيلَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ شُحُومَ المَيْتَةِ، فَإِنَّهَا يُطْلَى بِهَا السُّفُنُ، وَيُدْهَنُ بِهَا الجُلُودُ، وَيَسْتَصْبِحُ بِهَا النَّاسُ؟ فَقَالَ: «لاَ، هُوَ حَرَامٌ»، ثُمَّ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عِنْدَ ذَلِكَ: «قَاتَلَ اللَّهُ اليَهُودَ إِنَّ اللَّهَ لَمَّا حَرَّمَ شُحُومَهَا جَمَلُوهُ، ثُمَّ بَاعُوهُ، فَأَكَلُوا ثَمَنَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 2236]
المزيــد ...

Жаабир бин Абдуллахтын (ал экөөнө Аллах ыраазы болсун) айтымында, жеңиш жылы Меккеде ал пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уккан:
"Аллах жана Анын элчиси аракты сатууну, өлүмтүктү, чочкону жана буттарды арам кылды". Бирөөлөр: "О, Аллахтын элчиси, өлүмтүктүн майына эмне дейсиз? Аны кайыктарды жана терилерди майлоодо колдонуп, адамдар чыракка жагып пайдаланышат" - дешти. Аллахтын элчиси: "Жок. Ал арам" - деди. Анан: "Аллах Таала кыйратып жок кылгыр жөөттөр, Аллах аларга майды арам кылганда алар аны ээритип, анан аны сатып акчасын жешкен" - деп кошумчалады.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 2236]

Түшүндүрмө

Жаабир бин Абдуллах (аларга Аллах ыраазы болсун) Мекке мусулмандардын колуна өткөн жылы Меккеде пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): Аллах жана Анын элчиси аракты сатууну, өлүмтүктү, чочкону жана буркандарды арам кылды - деп айтканын угат. Бирөө: өлүмтүктүн майын сатып пайдалана берсек болобу? - деп сурайт. Анткени, май менен кайыктардын түбүн майлап, терилерди майлап, чыракка куйуп күйгүзүшөт дейт. Пайгамбарыбыз: жок, өлүмтүктүн майын да сатуу арам - дейт. Анан пайгамбарыбыз: Аллах Таала жөөттөрдү кыйратып жок кылсын, аларга наалаты болсун. Анткени алар Аллах Таала аларга мал-жандыктын майын арам кылганда алар аны сызгырып, ээритип анан аны сатып, акчасын жей беришкен - деп кошумчалайт.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ан-Навави минтип айткан: Арак, өлүмтүк жана чочко, булардын баарынын соодасы, тагыраагы, акчасы арам экенин бардык мусулман аалымдар бир ооздон айтышкан.
  2. Ал-Каази минтип айткан: Бул хадис жегенге жана пайдаланганга арам болгон нерсенин баарынын акчасы да арам болорун ичине камтыйт. Хадисте айтылган май сыяктуу.
  3. Ибн Хажар минтип айткан: Хадистин контекстинен "бул арам" дегени пайдаланууга эмес, сатууга карата айтылып жатканы анык билинип турат.
  4. Арам нерсени адалга айлантууга жасалган куулуктун баары батыл, жараксыз.
  5. Ан-Навави минтип айткан: Аалымдар өлүмтүктү сатуунун арам экенине согушта өлгөн каапырлардын жасаты үчүн акы алуу да кирерин айтышкан. Эгер мусулмандар өлтүргөн каапырдын денесин сатып алабыз дешсе, же анын акысына башка бир нерсени сунушташса, аны сатууга болбойт. Бир хадисте мындай окуя болгон: Аңгек согушунда мусулмандар Навфал бин Абдуллах ал-Махзумини мусулмандар өлтүрүшкөндө анын жасатын алуу үчүн каапырлар пайгамбарыбызга он миң дирхам сунуштаган. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны алган эмес жана каапырдын жасатын аларга жөн эле өткөрүп берген.