عَنِ ابْنِ عَبَّاسٍ رضي الله عنهما قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ أَنْ تُؤْتَى رُخَصُهُ، كَمَا يُحِبُّ أَنْ تُؤْتَى عَزَائِمُهُ».
[صحيح] - [رواه ابن حبان] - [صحيح ابن حبان: 354]
المزيــد ...
Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Ибн Хаббан жазып калтырган] - [Сахих Ибн Хаббан - 354]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабарлайт: Адамдардын үзүрлүү болгондугунун себебинен аларга жеңилдетүү үчүн Аллах койгон өкүмдөрдөгү жана ибадаттардагы уруксаттарынын аткарылышын жакшы көрөт. Мисалы, сапарда намаздарды кыскартып жана бириктирип окулган уруксаттарын аткарылышын жакшы көрөт. Ошондой эле Аллах парз жана важиб өкүмдөрүнүн так аткарылышын жакшы көрөт. Анткени уруксаттардагы жана милдет өкүмдөрдөгү буйруктары бир.