عَنْ حَكِيمِ بْنِ حِزَامٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ، قَالَ:
قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ أَشْيَاءَ كُنْتُ أَتَحَنَّثُ بِهَا فِي الجَاهِلِيَّةِ مِنْ صَدَقَةٍ أَوْ عَتَاقَةٍ، وَصِلَةِ رَحِمٍ، فَهَلْ فِيهَا مِنْ أَجْرٍ؟ فَقَالَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَسْلَمْتَ عَلَى مَا سَلَفَ مِنْ خَيْرٍ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1436]
المزيــد ...

Хаким бин Хизам (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат:
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси, айтыңызчы, мен Исламга чейинки доордо азат кылган, садака берген жана туугандык мамиле кылган иштерим үчүн соопторду аламбы?» - деп айттым. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) : «Сендеги болгон жакшылык иштериң менен бирге Исламды кабыл алгансың» - деп айтты.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1436]

Түшүндүрмө

Эгерде каапыр Ислам динине кирсе, анда ал жахилият учурунда берген садакаларына, кулдарды азат кылганына жана тууганчылык байланыштарына соопторду аларын Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачыктап кетти.

Хадистин пайдалары

  1. Каапыр адам бул дүйнөдөн каапыр болуп өлсө, анда ал бул дүйнөдө кылган жакшылыгы үчүн акыретте сооп берилбейт.
Котормолорду көрсөтүү
Тили: Алглисче Урдуча Испанча Дагы... (65)
Дагы...