عَنْ عَائِشَةَ أُمِّ المُؤْمِنِينَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهَا أَنَّهَا قَالَتْ:
يَا رَسُولَ اللَّهِ، نَرَى الجِهَادَ أَفْضَلَ العَمَلِ، أَفَلاَ نُجَاهِدُ؟ قَالَ: «لَا، لَكُنَّ أَفْضَلُ الجِهَادِ: حَجٌّ مَبْرُورٌ».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 1520]
المزيــد ...
Ыймандуулардын энеси Айша (ага Аллах ыраазы болсун) минтип айтат:
"О, Аллахтын элчиси, жихадды амалдардын абзели деп билебиз. Жихадга чыкпайбызбы?" Аллахтын элчиси: "Жок, жихаддын абзели - бул, кабыл болгон ажылык" - деп жооп берет.
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 1520]
Сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллах жолундагы жихадга чыгууну, душман менен согушууну амалдардын абзели деп билген. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан жихадка чыгууну сурайт.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага туура жол көрсөтүп, аялдар үчүн жихаддын жакшысы кабыл боло турган ажылык, тагыраагы, Куран жана сүннөткө ылайык, күнөө жана эл көрсүндөн таза аткарылган ажылык экенин айтат.