عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: سمعت النبي صلى الله عليه وسلم يقول:
«مَنْ حَجَّ لِلهِ فَلَمْ يَرْفُثْ وَلَمْ يَفْسُقْ رَجَعَ كَيَوْمِ وَلَدَتْهُ أُمُّهُ».
[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1521]
المزيــد ...
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: Мен Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
«Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай жана бузукулук иштерди кылбай ажылык кылса, анда ал энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза болуп кайтат».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1521]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Кимде-ким Аллах үчүн аялы менен жыныстык катнаш кылбай ажылык кылса» - деген сөзүндөгү жыныстык катнаш – бул жыныстык катнаш кылуу жана ага киришүүдөн алдынкы өбүшүү жана кармалашуу экендигин баяндап жатат. Жана жыныстык катнаш – бул жаман сөздөр деп да айтылат. Ошондой эле анын «бузукулук иштерди аткарбай» деген сөзү – бул жаман иштерди жана күнөө иштерди аткарбоо экендигин баяндап жатат. Жана Ажылык учурунда тыюу салынган (1) иштерди кылуу да бузукулук иштерден болот. Кимде-ким Аллах үчүн ушуларды кылбай ажылык кылса, анда ажылыктан энеден төрөлгөндөй күнөөлөрүнөн таза ымыркай сыяктуу күнөөсү кечирилген абалда кайтарын баяндап жатат.