+ -

عَنْ ابْنَ عُمَرَ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُمَا قَالَ: سَمِعْتُ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَقُولُ:
«إِذَا رَأَيْتُمُوهُ فَصُومُوا، وَإِذَا رَأَيْتُمُوهُ فَأَفْطِرُوا، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَاقْدُرُوا لَهُ».

[صحيح] - [متفق عليه] - [صحيح البخاري: 1900]
المزيــد ...

Ибн Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) минтип айтканын уктум:
"Жаңырган айды көрүп орозо кармагыла. Жаңырган айды көрүп орозоңорду бүтүргүлө. Эгер күн бүркөк болуп калса, эсеп менен чыгаргыла".

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)] - [Сахих ал-Бухари - 1900]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Рамазан айынын башталышынын жана бүтүүсүнүн белгиси тууралуу баяндап: Эгер Рамазандын айын көрсөңөр орозо туткула. Эгер күн бүркөк болуп ай көрүнбөй калса, анда Шаабан айын эсептеп отуз күн болгондо орозо кармай бергиле. Эгер Шаввалдын айын көрсөңөр оозуңарды ачкыла. Күн бүркөө болуп ай көрүнбөй калса, Рамазанды эсептеп отуз күн болгондо орозону бүтүрө бергиле.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Немисче Пуштунча Ассамча Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча Малагасиче Оромочо
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Эсеп боюнча айдын киргенине эмес, жаңырган айды көрүүгө таянуу керек.
  2. Ибн Мунзир "Рамазан айы көрүнбөй, бирок эсеп боюнча ай кирсе, орозо кармалбайт" деген аалымдардын жалпы пикирин айтып өткөн.
  3. Эгер күн бүркөө болуп ж.б.у.с. себептерден улам Рамазандын жаңырган айы көрүнбөй калса, анда Шаабан айын толук отуз күн кылуу важыб.
  4. Ай календары боюнча ар бир ай же жыйырма тогуз, же отуз күн болот.
  5. Эгер күн бүркөө болуп же башкка себептерден улам Шаввалдын жаңырган айы көрүнбөй калса, анда Рамазан айын толук отуз күн кылуу важыб.
  6. Кимде-ким мусулмандарга орозо тууралуу маселелерди аныктап бере турган жооптуу адам жок жерде же ал адам жоопкерчиликсиз адам болсо, анда айды өзү көрүп же өзү ишенген бирөөнүн көрүүсү менен орозо кармап жана орозону бүтүрүүсү зарыл.
Дагы...