+ -

عن ابن عباس رضي الله عنهما قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم:
«ما مِنْ أيَّامٍ العمَلُ الصَّالِحُ فيها أحبُّ إلى اللهِ مِن هذه الأيام» يعني أيامَ العشر، قالوا: يا رسُولَ الله، ولا الجهادُ في سبيلِ الله؟ قال: «ولا الجهادُ في سبيلِ الله، إلا رجلٌ خَرَجَ بنفسِه ومالِه فلم يَرْجِعْ من ذلك بشيءٍ».

[صحيح] - [رواه البخاري وأبو داود، واللفظ له] - [سنن أبي داود: 2438]
المزيــد ...

Ибн Аббас (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Аткарылган жакшы амалдары Аллахка сүйкүмдүү болгон мына ушул күндөрдөн өткөн башка күн жок" т.а. Зулхижжанын баштапкы он күнү" . Сахабалар: О, Аллахтын элчиси, Аллах жолундагы жихад да буга жетпейби? - деп сурады. "Аллах жолундагы жихад да жетпейт. Бир гана өз мал-жаны менен чыгып, кайра кайтпай калган адамдын сообу буга жетет" - деди.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Ал-Бухари жана Абу Дауд жазып калтырган, бул айтым Абу Даудга тиешелүү] - [Сунан Абу Дауд - 2438]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдар жылдын башка учурларынан абзел экенин кабарлаган.
Сахабалар бул күндөрдөн башка күндөрү Аллах жолунда жихадга чыгуунун сооп-сыйлыгы тууралуу, бул амал абзелби, же ушул күндөрдөгү жакшы амалдар абзелби деп сурашат. Анткени аларда жихад иш-амалдардын эң абзели экени белгилүү эле.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга мынтип жооп берип: бул күндөрдөгү жакшы амалдар башка күндөгү жихаддан да сооптуу, бирок бирөө Аллах жолунда жихадга өз мал-мүлкү менен чыкса жана мал-мүлкү түгөнүп, өзү да шейит болуп кетсе, ушул адамдын гана сооп-сыйлыгы жогору болорун айтат. Бул күндөрдөгү жакшы амалдарды абзел кылган мына ушул.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Бурмача Тайландча Немисче Жапончо Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Тажикче Руандача Румынча Венгерче Чехче الموري Малагасиче Италянча Каннадача الولوف البلغارية Азерче Украинче الجورجية المقدونية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндөгү жакшы амалдардын артыкчылыгы, мусулман адамга бул күндөрдү пайдаланып калуунун, ибадаттарды көбөйтүүнүн зарылдыгы айтылган. Аллахты зикир кылуу, Куран окуу, такбир, тахлил, тахмид айтуу, намаз окуу, садага берүү, орозо кармоо ж.б. бардык жакшы амалдарды көбөйтүү керек.