عن عبد الله بن عمرو رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال:
«لَيْسَ الْوَاصِلُ بِالْمُكَافِئِ، وَلَكِنِ الْوَاصِلُ الَّذِي إِذَا قُطِعَتْ رَحِمُهُ وَصَلَهَا».
[صحيح] - [رواه البخاري] - [صحيح البخاري: 5991]
المزيــد ...
Абдулла ибн Амр (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Өзүнө жараша мамиле кылуу тууганчылык байланышты бекемдөөгө жатпайт. Тууганчылык байланыш үзүлгөндө аны байланыштырган адам тууганчылык байланышты бекемдеген адам болот».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Бухари жазып калтырган] - [Сахих ал-Бухари - 5991]
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадисте мындай деп кабар берип жатат. Тууганчылык байланышты толук кандуу аткарган адам жана жакындарына жакшылык кылган адам - ал көргөн жакшылыкка жараша жакшылык менен жооп берген адам эмес. Тескерисинче, ал жакын туугандары аны менен тууганчылык байланышты үзүп ага жамандык кылышса да алар менен тууганчылык байланышты күчөтүп, тууганчылык байланышты толук кандуу бекемдеген адам. Анткени ал жакын туугандарына жакшылык менен жооп берип жатат.