+ -

عَنْ أَبِي مُسْلِمٍ الْخَوْلَانِيِّ، قَالَ: حَدَّثَنِي الْحَبِيبُ الْأَمِينُ، أَمَّا هُوَ فَحَبِيبٌ إِلَيَّ، وَأَمَّا هُوَ عِنْدِي فَأَمِينٌ، عَوْفُ بْنُ مَالِكٍ الْأَشْجَعِيُّ رضي الله عنه قَالَ:
كُنَّا عِنْدَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، تِسْعَةً أَوْ ثَمَانِيَةً أَوْ سَبْعَةً، فَقَالَ: «أَلَا تُبَايِعُونَ رَسُولَ اللهِ؟» وَكُنَّا حَدِيثَ عَهْدٍ بِبَيْعَةٍ، فَقُلْنَا: قَدْ بَايَعْنَاكَ يَا رَسُولَ اللهِ، ثُمَّ قَالَ: «أَلَا تُبَايِعُونَ رَسُولَ اللهِ؟» فَقُلْنَا: قَدْ بَايَعْنَاكَ يَا رَسُولَ اللهِ، ثُمَّ قَالَ: «أَلَا تُبَايِعُونَ رَسُولَ اللهِ؟» قَالَ: فَبَسَطْنَا أَيْدِيَنَا وَقُلْنَا: قَدْ بَايَعْنَاكَ يَا رَسُولَ اللهِ، فَعَلَامَ نُبَايِعُكَ؟ قَالَ: «عَلَى أَنْ تَعْبُدُوا اللهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا، وَالصَّلَوَاتِ الْخَمْسِ، وَتُطِيعُوا -وَأَسَرَّ كَلِمَةً خَفِيَّةً- وَلَا تَسْأَلُوا النَّاسَ شَيْئًا» فَلَقَدْ رَأَيْتُ بَعْضَ أُولَئِكَ النَّفَرِ يَسْقُطُ سَوْطُ أَحَدِهِمْ، فَمَا يَسْأَلُ أَحَدًا يُنَاوِلُهُ إِيَّاهُ.

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 1043]
المزيــد ...

Абу Муслим Хавлани айтат: Мага чынчыл жана сүйүктүү болгон адам айтып берди, ал мен үчүн сүйүктүү жана менин оюмда ал чынчыл, ал Ауф бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун), ал мындай деди:
Биз тогузбу, сегизби же жетиби адам Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында отурган элек. Ал: "Аллахтын элчисине байъат келишим-убада кылбайсыңарбы?" - деди. Биз жаңы эле байъат кылган элек. Ошого: Сага байъат кылып, убада бердик го, о, Аллахтын элчиси? - дедик. Ал дагы: "Аллахтын элчисине байаът келишим кылбайсыңарбы?" - деди. Биз колубузду сунуп: "Сага байъат келишим кылдык го, о, Аллахтын элчиси. Эми эмне кылууга байъат келишим кылабыз?" - дедик. Ал: "Аллахка ибадат кылууңарга жана Ага эч нерсени шерик кылбооңорго, беш убак намазга, баш ийүүңөргө" - деп, анан акырын үнү менен: "Адамдардан эч нерсени сурабооңорго" - деди. Чынын айтсам, кийин мен ошол адамдардын кээ бири камчысын тушүрүп жиберсе, аны алып берүүсүн бирөөдөн суранбай калганын көрдүм.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 1043]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир канча сахабалар менен туруп, кээ бир иштерди бекем кармоого ант, келишим кылуусун алардан үч жолу талап кылат:
Биринчиси: Аллах Тааланын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылып, Ага эч нерсени шерик кылбай ибаадат кылууга.
Экинчиси: Күнү-түнү окула турган беш убак парз намазды калтырбай окууга.
Үчүнчүсү: Шариятка каршы келбеген иштерде мусулмандарга башчы болгон адамды угуп, баш ийүүгө.
Төртүнчү: Бардык муктаждыктарын Аллахтан күтүп, адамдардан эч нерсе сурабоого. Ушул сөздү айтканда пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун) үнүн мурдагыдан акырыныраак чыгарды.
Чынында, сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) берген ант-келишимдерин так аткарышты. Атүгүл, хадисти айткан киши айтат: Ошол сахабалардын кээ бири камчысын түшүрүп жиберсе, аны алып берүүнү бирөөдөн суранбай, өздөрү түшүп алганын көрдүм.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Литвача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча Чехче Малагасиче Оромочо Каннадача الولوف Украинче
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Адамдардан суранууну таштоо, сурануу деп эсептелген нерсенин баарынан тазалануу, өтө жөнөкөй иште дагы адамдардын жардамын үмүт кылбоо.
  2. Суроонун тыюу салынган түрү бул дүйнө иштерине тиешелүү. Ал эми илим тууралуу жана дин иштеринде суроо айып эмес.
Дагы...