Хадистердин тизмеси

Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла
عربي الإنجليزية الأوردية
Мен силерге айтпаган нерсени ошол бойдон калтыргыла! Анткени, силерден мурдагылар керексиз көп суроо бергени жана пайгамбарларына каяша кылганы үчүн кыйрап жок болгон
عربي الإنجليزية الأوردية
Жаркырап күн чыгып жаткан күндөрдүн эң жакшысы бул - жума күн
عربي الإنجليزية الأوردية
Жаным Анын колунда турганга (Аллахка) ант ичип айтам, силерге Мариямдын уулу түшүп, адилеттүү өкүмдар болоруна аз калды. Ал крестти сындырат, чочкону өлтүрөт, салыкты (жизя) жок кылат, мал-мүлк аябай көбөйүп, аны эч ким албай калат
عربي الإنجليزية الأوردية