Категория:
+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ عَبْدِ الرَّحْمَنِ بْنِ صَخْرٍ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ قَالَ: سَمِعْت رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّم يَقُولُ:
«مَا نَهَيْتُكُمْ عَنْهُ فَاجْتَنِبُوهُ، وَمَا أَمَرْتُكُمْ بِهِ فَافْعَلُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ، فَإِنَّمَا أَهْلَكَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكُمْ كَثْرَةُ مَسَائِلِهِمْ، وَاخْتِلَافُهُمْ عَلَى أَنْبِيَائِهِمْ».

[صحيح] - [رواه البخاري ومسلم] - [الأربعون النووية: 9]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айтканын уктум:
"Мен силерди эмнеден тыйсам, андан тыйылгыла! Мен силерди эмнеге буйрусам, аны чамаңардын жетишинче аткаргыла. Силерден мурда жашап өткөндөрдүн көбү пайгамбарына каяша сүйлөгөнү жана бейпайда суроолорду көп бергени үчүн кыйраган".

-

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге минтип айтып жатат: эгер ал бизди кайсы бир иштен тыйса, биз эч бир каяшасыз дароо тыйылышыбыз зарыл. Ал эми ал бизди кайсы бир ишке буйруса, ал ишти алыбызга жараша гана аткарабыз. Андан кийин мурда жашап өткөн кээ бир элдерди эскерип, алар пайгамбарларына көп суроо берип, каршы чыгып, акырында ошол себептүү Аллах Таала аларды кыйратып жок кылганын айтып, ошолор сыяктуу болбогула деди.

Хадистин пайдалары

  1. Бул хадис буйрукту аткаруунун, тыюудан тыйылуунун эрежелерин камтыйт.
  2. Тыйылган иштердин эч бирин аткарууга болбойт. Ал эми буйрулган иштерди кудуретке жараша аткарууга уруксат. Анткени тыйылууга бардык адам кадыр. Ал эми аткарууга келгенде бардык эле адамдын кудурети бирдей эмес.
  3. Тыюу азды да, көпту да камтыйт. Анткени, жаман иштин азынан да, көбүнөн да тыйылмайынча ал сактанган болбойт. Мисалы: Сүткордуктун азы да, көбү да сүткордук. Бизди андан тыйдыбы, демек азынан да, көбүнөн да тыйылышыбыз керек.
  4. Арам ишке алып бара турган себептерди да таштоо керек; анткени, бул дагы сактанууга кирет.
  5. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайсы бир буйругун укканда, аны "бул важыб бекен, же мустахаб бекен" деп изилдеп отуруунун кажети жок. Тескерисинче, аны аткарууга дароо киришүү керек. Хадисте: "...аны алыңардын жетишинче аткаргыла" - деп айтылган.
  6. Көп суроо берүү, айрыкча, толук чечмеленбей турган, кайып болгон кыяматтагы адамдардын абалы сыяктуу маселелерде кыйроого себеп болот. Мындайларды тереңдеп, казып сурай берсең кыйроого кабыласың.
Котормо: Алглисче Урдуча Индонезияча Бангалча Түркчө Орусча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тамилче Тайландча Пуштунча Ассамча Албанча Амхарча Гужаритиче Непалча Дариче Сербче Тажикче Руандача Венгерче Чехче الموري Каннадача الولوف Азерче Өзбекче Украинче الجورجية المقدونية الخميرية
Котормолорду көрсөтүү
Категориялар
Дагы...