عَنْ أَبِي رُقَيَّةَ تَمِيمِ بْنِ أَوْسٍ الدَّارِيِّ رَضِيَ اللَّهُ عَنْهُ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«الدِّينُ النَّصِيحَةُ» قُلْنَا: لِمَنْ؟ قَالَ: «لِلهِ وَلِكِتَابِهِ وَلِرَسُولِهِ وَلِأَئِمَّةِ الْمُسْلِمِينَ وَعَامَّتِهِمْ».
[صحيح] - [رواه مسلم] - [الأربعون النووية: 7]
المزيــد ...
Абу Рукая Тамим бин Аус ад-Даари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«Дин — бул насаат» - деп айтты. Ошондо биз: «Оо, Аллахтын Элчиси, ким үчүн?» - деп сурадык. Ал: «Аллах үчүн, Аллахтын Китеби үчүн, Аллахтын Элчиси үчүн, мусулмандардын башчылары үчүн жана жалпы мусулмандар үчүн» - деп айтты».
[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [الأربعون النووية - 7]
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ислам динин кармануу - чын ыкластуулукка жана чынчылдыкка негизделгенин, Аллах буйругандай толук, кемчиликсиз жана алдамчылыксыз менен аткарылышын айткан. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Насаат кимге берилет?» - деп сурашканда ал мындай деди: Биринчиси: Насаат Аллах Таала үчүн б.а. чын-ыкластан Аллах үчүн иш-аракеттерди аткаруу, Ага шерик кошпоо. Ага рубубиятта, илахиятта жана ысым-сыпаттарында ыйман келтирүү, Анын буйругун бийик тутуп аткаруу жана Ага ыйман келтирүүгө чакыруу. Экинчиси: Насаат Аллахтын Китеби үчүн, ал Ыйык Куран б.а. бул Аллахтын сөзү, китептеринин акыркысы экендигине жана ал Куран өзүнөн мурунку бардык шарият мыйзамдарын жокко чыгарганына ишенүүбүз, Аны урматтообуз жана аны туура окуубуз керек. Андагы мухкам аяттарга амал кылуубуз жана муташабих аяттарга моюн сунуубуз зарыл. Аны бурмалоочулардын чечмелөөсүнөн коргообуз. Анын насааттарын, анын илимин таралуусун жана ага чакырууну этибарга алуубуз керек. Үчүнчүсү: Насаат Аллахтын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үчүн б.а. ал элчилердин акыркысы экенине ишенүүбүз жана ал алып келген нерсени тастыктообуз, анын буйруктарына баш ийүүбүз жана тыюу салган нерселеринен сактануубуз, ал алып келген нерсе менен гана Аллахка ибадат кылуубуз, анын акысын улуктообуз, урматтообуз, анын даават, шарият мыйзамын жайылтуубуз жана Ага коюлган дооматтарды четке кагуубуз керек. Төртүнчүсү: Насаат мусулмандардын башчылары үчүн б.а. бул мусулмандардын башчыларына акыйкатты жайылтууда жардам берүү, алар менен бир иштерде талашып-тартышпоо жана Аллахка ибадат кылууда аларды угуп жана аларга моюн сунуу керек. Бешинчиси: Насаат жалпы мусулмандар үчүн б.а. бул жалпы мусулмандарга жакшылык кылуу жана аларга даават кылуу, аларга зыян жеткирүүдөн тыйылуу, аларга жакшылыктын жетүүсүн жакшы көрүү жана алар менен жакшылыкка жана такыбалыкка көмөктөшүү.