+ -

عَنْ أَبِي مُوسَى رضي الله عنه عَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ:
«إِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يَبْسُطُ يَدَهُ بِاللَّيْلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ، وَيَبْسُطُ يَدَهُ بِالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيْلِ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِهَا».

[صحيح] - [رواه مسلم] - [صحيح مسلم: 2759]
المزيــد ...

Абу Муса Ашари (ага Аллах ыраазы болсун) айтымында, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Чынында, Аллах Таала күндүзү күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн түнү колун созот. Түндө күнөө кылгандардын тобосун кабыл кылуу үчүн күндүзү колун созот. Анын мындай ырайымы күн батыштан чыкканча уланат.

[Сахих (ишенимдүү)] - [Муслим жазып калтырган] - [Сахих Муслим - 2759]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала пенделеринин тообосун кабыл кыларын айтат. Эгер пенде күндүзү күнөө кылып, кечинде күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала анын тообосун кабыл кылат. Эгер түндө күнөө кылып, күндүзү күнөөсүнө тообо кылса, Аллах Таала аны кабыл кылат. Аллах Таала пендесинин тообо кылганын сүйүнүп, кабыл кылуу үчүн колун созот. Ушинтип тообонун эшиги жабылуусу бул дүйнөнүн бүткөнүнөн кабар берет, бирок тообо эшиги күн батыштан чыкканга чейин ачык турат. Күн батыштан чыкканда, тообонун эшиги жабылат.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сербче Сомаличе Руандача Румынча الموري Малагасиче Оромочо Каннадача الجورجية
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Тообо эшиги ачык турган чакта бардык тооболор кабыл болот. Анын эшиги күн батыштан чыкканда жабылат. Адам кекиртегине өлүмдүн гаргарасы келгенге чейин, тагыраагы жан кекиртекке келгенге чейин тообо кылуусу керек.
  2. Күнөөнүн кечирилүүсүнөн үмүт үзүү - күнөө кылууга себеп болот. Аллах Тааланын кечирими жана ырайымы кенен. Тообонун эшиги дайыма ачык.
  3. Тообонун шарттары: биринчи, күнөөнү токтотуу. Экинчи, кылган күнөөсүнө өкүнүү. Үчүнчү, күнөөнү кайра эч качан кайталабоого чечим чыгаруу. Бул үч шарт пенденин Аллахтын акысына тиешелүү болгон күнөөлөрүнүн шарттары. Ал эми пенденин акысына тиешелүү күнөө болсо, анда тообо толук болуусу үчүн кимдин акысын бузган болсо, анын акысын берүү шарт, же акынын ээси (зулум чеккен адам) кечириши керек.
Дагы...