+ -

عَن عَبدِ الله بنِ الشِّخِّير رضي الله عنه قَالَ:
انْطَلَقْتُ في وَفدِ بَنِي عَامِرٍ إِلى رَسُولِ الله صلى الله عليه وسلم، فَقُلنا: أَنتَ سيّدُنَا، فقال: «السَّيدُ اللهُ»، قُلنا: وَأَفْضَلُنا فَضْلاً، وأعظَمُنا طَوْلاً، فقال: «قُولُوا بِقَولِكُم، أَو بَعضِ قولِكُم، وَلَا يَسْتَجْرِيَنَّكُم الشَّيطَانُ».

[صحيح] - [رواه أبو داود وأحمد]
المزيــد ...

Абдуллах бин Шиххир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:
Бану Амир тобунан бир топ киши менен Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардым. Анан ага: Сен биздин төрөбүзсүң - десек, ал: "Төрө - Аллах" - деди. Биз: Даража жагынан бийигибиз, берешендик жагынан артыгыбызсың - дедик. Ал: "Ушинтип айтсаңар болот, же мындан да азыраак айткыла. Шайтан силерди өкүл кылып албасын" - деди.

Сахих (ишенимдүү) - Абу Дауд жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир жамаат адамдар келип, ага жеткенден кийин ал өзү жактырбаган кээ бир мактоо сөздөрүн айта башташты. "Сен биздин төрөбүзсүң" - дешти. Аллхтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Төрө - Аллах" Ал калайыктын үстүнөн толук төрөлүккө, бийликке ээ. Калайык болсо Анын кулдары. Алар: Сен "Даража жагынан бийигибизсиң", даражасы, абройу, касиети бийиксиң - дешти. Сен "Берешендик жагынан артыгыбызсың", жоомарт, кең пейил, улуксуң - дешти. Кийин пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды адаттагыдай эле сүйлөөгө, сөздү кооздобоого үндөдү. Антсе, шайтан ширк жана ага себепчи боло турган тыюу салынган иштерге кириптер кыла турган аша чабууларга алып барарын айтты.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары үчүн кадыры жогору болгон жана сахабалар аны урматтап, сыйлаган.
  2. Сөздөрдү кооздоп сүйлөөдөн тыюу жана үнөмдүү сүйлөө (зарыл).
  3. Тавхидди аны бузуучу сөздөрдөн жана иштерден сактоо.
  4. Мактоодо чектен ашырып жиберүүдөн тыюу, анткени бул шайтанга эшик ачат.
  5. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамзаттын төрөсү. Ал эми жогорудагы хадисте айтылгандар, анын кичипейилдигинен жана тигилердин бул иште чектен чыгып кетүүсүнөн чочулаганынан кабар берет.