+ -

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ مَسعودٍ رضي الله عنه عن رَسولِ اللهِ صلى الله عليه وسلم قال:
«الطِّيَرَةُ شِرْكٌ، الطِّيَرَةُ شِرْكٌ، الطِّيَرَةُ شِرْكٌ، -ثلاثًا-»، وَمَا مِنَّا إِلَّا، وَلَكِنَّ اللهَ عَزَّ وَجَلَّ يُذْهِبُهُ بِالتَّوَكُّلِ.

[صحيح] - [رواه أبو داود والترمذي وابن ماجه وأحمد]
المزيــد ...

Абдуллах бин Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк, жамандыкка жоруу - ширк" деп үч жолу (айткан). Бизде бул (жоруму жаман ырымдар) бар, бирок тобокел кылуу менен Аллах аны кетирет.

Сахих (ишенимдүү) - Ибн Маажа жазып калтырган.

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куш учуруудан (ырым кылуудан) катуу эскертип тыйган. Бул, уккан-көргөн нерсенин баарынан жаман жышаан издөө, мисалы: куштардан, айбанаттардан, майыптардан, сан-санактан, күндөрдөн ж.б. нерселерден. Ал эми куш учуруу деп баса берлгилеп айтканынын себеби, исламга чейинки доордо жоромол кылуунун ушул түрү өтө кенен жыйылган болчу. Мунун негизи мындай: Бирөө сапарга чыкмакчы болсо же соодо кылмакчы болсо, жа дагы башка бир ишке киришерде куш учуруп көрөт. Эгерде койо берген кушу оң тарапка учуп кестсе, аны жакшылыкка жоруп, ишине кирише берген. А эгер куш сол тарапка учуп кетсе, аны жамандыкка жоруп, баштай турган ишин кылбай токтотуп койгон. Мындай кылуу ширк экенин кабарлаган. Чынында, жаман жышаан издөө ширк. Анткени, жакшылыкты Аллах Таала гана берет, жамандыкты да бир гана эч шериги жок Жалгыз Аллах кетирет.
Анан Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) кээде мусулман адамдын дилине деле мындай жамандыкка жоруу кылт этип келээрин, бирок аны Аллахка тобокел кылуу жана себептерин аткаруу менен жок кылуу керектигин эскерип өткөн.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Уйгурча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Телгиче Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Гужаритиче Непалча Йорубача Дариче Сомаличе Руандача
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Жамандыкка жоруу - ширк; анткени, мында жүрөк Аллахтан башкага байланып калат.
  2. Журөктөргө жетип, бекем орун алуусу үчүн маанилүү маселенин кайра-кайра кайталап айтуунун зарылдыгы.
  3. Жаман жышаан издеген (ишеним) ырымдарды Аллахка болгон тобокелчилик жок кылат.
  4. Жалгыз Аллахка гана тобокел кылып, жүрөктү Ага байлоо керек.
Дагы...