+ -

عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رضي الله عنه قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:
«مَا يَزَالُ البَلاَءُ بِالمُؤْمِنِ وَالمُؤْمِنَةِ فِي نَفْسِهِ وَوَلَدِهِ وَمَالِهِ حَتَّى يَلْقَى اللَّهَ وَمَا عَلَيْهِ خَطِيئَةٌ».

[حسن] - [رواه الترمذي وأحمد] - [سنن الترمذي: 2399]
المزيــد ...

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Аллах Таалага таза, күнөөсү жок жолугуусу үчүн ыймандуу эркектин жана ыймандуу аялдын өзүнө, балдарына жана мал-мүлкүнө ар кандай балээ, сыноолор боло берет".

[Хасан (жакшы)] - [Ат-Тирмизи жана Ахмад жазып калтырган] - [Сунан ат-Тирмизи - 2399]

Түшүндүрмө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: ыймандуу эркек-аялдарга алардын өзүнө тиешелүү, мисалы, ден-соолугуна, дене-мүчөлөрүнө же балдарына тиешелүү, мисалы, ооруп калуу, кайтыш болуп калуу, ата-энесине моюн сунбай коюу, же мал-мүлкүнө тиешелүү, мисалы, жетишсиздик, соодасынын жүрүшпөй калуусу, мал-мүлкүн ууруга алдырып жиберүү, ырыскысынын аздыгы сыяктуу ар түрдүү балээ, сыноолор боло берет. Мунун баарын Аллах Таала алардын күнөө-каталарын кечирип, кыяматта Ага эч кандай күнөөсү жок, таза жолугуулары үчүн ушинтет.

Котормо: Алглисче Урдуча Испанча Индонезияча Бангалча Французча Түркчө Орусча Боснияча Сингалча Индияча Кытайча Песче Ветнамча Тагалогчо Күртчө Хаусача Португалча Малаяламча Свахиличе Тайландча Пуштунча Ассамча Щведче Амхарча Нидерландча Гужаритиче Непалча Румынча
Котормолорду көрсөтүү

Хадистин пайдалары

  1. Ыймандуу адамдардын күнөө-каталарын бул дүйнөнүн кыйынчылыктары аркылуу өчүрүп тазалаганы - Аллах Тааланын аларга кылган ырайымы.
  2. Балээ, сыноолордун күнөөлөрдү өчүрүүсүнө адамдын ыймандуу болуусу шарт. Пенде кыйынчылыктарга ачууланбастан сабыр кылса, соопко ээ болот.
  3. Өзүнө жаккан иште да, жакпаган иште да баарына сабырдуу болуу кажет. Аллахтын буйругун аткаруу үчүн сабырдуу болуу керек. Аллах тыйган нерседен алыс болуу үчүн сабырдуу болуу керек. Аллахтан сооп үмүт кылып, Анын азабынан коркуу керек.
  4. "Ыймандуу эркек жана ыймандуу аял" деп аялзатын кошуп айтканы, аялдарга тиешелүү сөзүн бекемдөө үчүн айтылган. Анткени, "ыймандуу эркек" деп айткан сөзүнө аялдар да кирет, бул эркекке гана тиешелүү эмес. Аял кишилерге да кандайдыр бир балээ, сыноолор болсо, ошол себептүү алардын да күнөө-катасы кечирилет.
  5. Пенденин кыйынчылыктарын улам-улам жеңилдеткен нерсе балээлерден пайда болгон артыкчылык.
Дагы...